Menu

УКМК

Башкы прокуратура: $15.000 пара алып жаткан жеринен УКМКнын тергөөчүсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына О.А. аттуу жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Арызда, ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлер 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылышкандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган арыздын негизинде КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР УКМКсынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун негизинде жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иш-аракеттер улантылууда.

УКМК: 2-январда Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде жарандарды сабаган УКМК кызматкерлери кызматтан алынды

2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде КР УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү, натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Азаттык" УКМКдан, Финчалгын кызматынан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

“Азаттык Медиа” мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген “Демирбанктын” катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек.

31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда “Демирбанк” “Азаттык Медианын” эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

“Азаттык Медиа” банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда “Демирбанктын” өкүлдөрү “Азаттык Медианын” эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

“Азаттык Медиа” УКМКга да расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча атайын кызматтан жооп ала элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз”, – деген билдирүү жасаган. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

УКМК: Бишкек шаарында УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Кыдыршаевич Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Бишкек шаарында, КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. Ачылыш аземге КР УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

КР УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип,  ошондой эле коррупция менен күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

УКМК Акыйкатчынын өкүлдөрүн популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырат

Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт.

Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.

Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз.

УКМК: Кримтөбөл Чынгыз Жумагуловду ("Дөө Чынгыз") кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт.

УКМК: Коррупцияга шектелип камакка алынган "Айыл Банктын" кызматкери бүгүн таңда асынып, өз жанын кыйды

2022-жылдын 30-апрелинен тартып КР УКМКнын тергөө камак жайына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталуучу, “Айыл Банк” ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы – А.Б.Р. жайгаштырылган.

2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган А.Б.Р. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. А.Б.Р. ТКЖнын камерасында асынып алган абалда табылып, ага ТКЖнын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган, алар тарабынан А.Б.Р. каза болгондугу аныкталган.  

Белгилей кетсек, А.Б.Р.  санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес.

КР УКМК ТКЖда жайгашкандан бери А.Б.Р. ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес, жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, А.Б.Р. КР УКМК ТКЖда камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюуга эч кандай шыктары жана жөндөмдөрү, жүрүм-турумунан байкалган эмес.

Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

УКМК: Контрабандист УКМК кызматкерине 200.000. сом пара берип жаткан жеринен КР жараны кармалды

КР УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ушул жылдын 12-май күнү Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Р.Р.Ч. аттуу КР жаранынын башкаруусунда, коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалды.

Ошол эле учурда жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын жараны А.П. экендиги аныкталды.

Муну менен бирге, аталган А.П. аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Жыйынтыгында, бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.

    Ошол эле күнү КР МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П. кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК: Биздин кызматкер Адахан Мадумаровго өзүн тааныштырбаган учурда ал кызматкер оперативдүү кызматкер экендигин, А.Мадумаров анын түздөн-түз жетекчиси эмес экенин түшүндүрөбүз

УКМК Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Сүлүктү шаарындагы «Кольцо» транспорттук көзөмөл постуна барганы тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

Аткезчиликке жана товарларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүнүн алкагында аталган постто Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринен турган компетенттүү органдардын өкүлдөрү кызмат өтөйт.

Постко барган учурда айдоочулардан бул пост аркылуу өткөнү үчүн акча талап кылынат деген нааразычылыктар жана бул пост мыйзамсыз иштеп жатат деген арыздар түшкөн.

КР УКМК бул пост КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык коюлганын, мындай посттор Баткен районунун башка жолдорунда да бар экенин билдирет.

Эгерде посттун кызматкерлеринен пайда көрүү максатында акча талап кылынса, анда жарандар КР УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнө же Баткен облустук башкармалыгына, андан тышкары, прокуратура органдарына тиешелүү арыз менен кайрылса болот эле, бирок андай кайрылуулар түшкөн эмес. Посттун кызматкерлери кызматтык күбөлүгү жок иштейт деген божомолдор да далилденген эмес.

Андан соң Кулунду айылынын маданият үйүндө Баткен районунун акими, Баткен районунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги жана Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын Лейлек районунун ылдыйкы зонасындагы эл менен, 250дөн ашык адам  менен жолугушуусу болуп бул маселе кайрадан каралып чыкты.

Бирок бул жыйында да Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары жана жергиликтүү тургундар эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок.

Видеодогу аталган посттун кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген жаран-бул КР 1982-жылы туулган Т.А. аттуу Кыргыз Республикасынын мыйзамын одоно бузган жарандардын бири экенин ведомство белгилейт.

Бул жаран Тажикстанга биздин продукцияларды активдүү сатуучу, анын натыйжасында ушундай адамдардын айынан ички рынокто азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатканы тууралуу Атайын кызматта маалымат бар.

КР УКМК кызматкери КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровго өзүн тааныштырбаган учурда ал кызматкер оперативдүү деңгээлдеги кызматкер экендигин, андан тышкары А.Мадумаров анын түздөн-түз жетекчиси эмес экенин түшүндүрөбүз.

Атайын кызмат КР УКМКнын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда болгондуктан, эч жакка качпастан, жөн гана физикалык маалыматтарын ачыкка чыгарбоо максатында четтеп кетишкенин баса белгилейт.

КР УКМК Кыргызстандын жарандарын мындай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырат. Атайын кызмат мындай кайрылуулар жана арыздар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

УКМК: КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, T.Б.T.  аттуу жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. кармалды. 

И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Меню