Menu

УКМК

УКМК: Шайлоочулардын добушун сатып алып жаткан "Эмгек" партиясынын өкүлү кармалды

Кечээ, 10-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык  2- (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен “Эмгек” партиясынын өкүлү “K.E.A.” кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган “К.Э.А.” “Эмгек” партиясынан талапкер «Р.у.Т.» көрсөтмөсү боюнча  МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын таратып жаткан.

“К.Э.А.” тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражатты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылып алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

УКМК: "Кыргызтелеком" ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн УКМК коркутуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргыз Республикасынын УКМК “Кыргызтелеком” ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан мааалыматтар чындыкка дал келбейт, Улуттук коопсуздук органдары “Кыргызтелеком” ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташив К.К. ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, Кыргыз Республикасынын УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуунуздарды өтүнөбүз.

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча КР УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу алдамчы кызматкер кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган “Т.С.К.” Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот.

УКМК: Башкы прокуратуранын УКМКнын кызматкерлери ишкерлерди текшерип, мыйзам бузуп жатат деп жайылткан маалыматы чындыкка дал келбейт

Маалымат, Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдарынын жана Жарлыктарынын талаптарын одоно бузушуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн делген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн “М.К.” ЖЧКна текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, “М.К.” ЖЧК тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердике пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, М.К. ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген.

В ходе проверки установлено, что ОсОО “М.К.” пользуется услугами нелегальных мигрантов соседних стран без соответствующих документов. Также, в ходе выполнения своих обязанностей сотрудниками УГКНБ и УВД, руководство ОсОО “М.К оказав препятствие и спровоцировав специальный скандал, инспирировали побег мигрантов, дабы скрыть нарушение. О чем были сразу проинформированы сотрудники областной прокуратуры.

Маалымат үчүн; Аталган Өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын ИИМ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кабарлаган.

УКМК: Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

Бүгүн, 2-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-ж.т. «И.Р.А.» аттуу Россия Федерациясынын жараны кармалды.

Азыркы учурда, КР УКМК кармалган «И.Р.А.» Россия Федерациясынын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалымат катары: «И.Р.А.» Россия Федерациясындагы Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.  

УКМК: Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.

УКМК: Абактагы Өмүрбек Бабанов спорт менен машыгып жатат деп таратылып жаткан видеоматериал фейк болуп саналат

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылып тарап жаткан видео-материал боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитети төмөнкүлөрдү маалымдайт, Өмүрбек Бабановдун УКМК убактылуу кармоочу жайында болуп машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат,  жана анын ичинде фото-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет.

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча "Дженго" жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктрадын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн  алкагындагы издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Т.И.М.» кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталган боюнча, 2021-жылдын 18-майында К.Досоновдун «Т.И.М.» башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун «Мерседес-Бенц» унаасын тартып алышып, “общаковская кассага” деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумун деген “Р.у.А.” кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.

Кармалган «Т.И.М.» Ош областтык жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

УКМК: Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып бөгөт коюлду

УКМК ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын системасындагы кызмат адамдарына расмий документтерди жасалма жол менен берүү жана каттоо үчүн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Натыйжада 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.

Такталгандай, Баткен шаарынын мурдагы мэри «С.С.» Баткен шаарынын жасалма токтому менен ар жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейинки акча каражатына берип турган. Ошол эле учурда, Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары “Э.К.”, ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага жер участокторун бөлүп берүү үчүн архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде, тиешелүү документтердин аткарылышы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси «Н.Б.» тарабынан жүргүзүлүп ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды.

Баткен шаарынын тургундары “С.Ж.” жана УД, ортомчу болушуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин алып турушкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С.С.», «Э.К.», «Н.Б.», «С.Ж.»  жана «У.Д.» кармалып Баткен областтык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалымат үчүн, бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын экендиги белгиленди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасыынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги  «У.Э.К.» кармалды.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню