Menu

УКТ – ОПГ

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Таластагы "смотрящийи" "Тайсон" бир мугалимди коркутуп, 30.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Тайсон” каймана аты бар С.М.Ж.  пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Ал   К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.Ж унаамектептин мугалими А.Б.Аны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын алуу учурунда С.М.Ж. кармалып Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ошол эле учурда, өздүк тинтүү учурунда С.М.Ждан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн кримтөбөл Камчы Көлбаев атып өлтүрүлдү

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Султан Ибраимов көчөсүндөгү “Блондер паб” ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканда, ал күч органдарынын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн атып өлтүрүлдү. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Акыркы учурларда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана алардын төбөлдөрү ишкерлердин өтө кымбат бааланган дүнүйө – мүлктөрүн күч менен тартып алуу фактылары боюнча бир нече кылмыш иштери козголуп, тергелип жаткан.

Ошондой эле атаандаш криминалдык топтун төбөлү Чынгыз Жумагуловдун (“Дөө Чынгыз”) абакта өлтүрүлүшүн уюштурган деп Камчы Көлбаевдин үстүнөн жарандардан түшкөн арыз да тергөөгө чейинки иликтөөдөн өтүп жаткан.

Бүгүн жогорку фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында шектүү Камчы Көлбаевдин “Блондер паб” ресторанында олтургандыгы тууралу маалымат алынып, аны кармоо үчүн атайын операция жүргүзулгөн учурда Камчы Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туудургандыгы үчүн атып өлтүрүлдү.

Алган жаракатынан каза болгонун врачтар да келип тастыктады.

Эми Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөлөрүнүн кылган кылмыштары да иликтенип, юридикалык баа берилет, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

 

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Токмоктун тургунун коркутуп, 210.000 сом акчасын алып жаткан учурда кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык КБР катталган опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 АКШ долларын талап кылышкан.

2023-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Бирөөнүн 600.000 сомдук “Мерседес-Бенц W211” автоунаасын тартып алган кримтөбөлдөрдүн бири кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын август айында ички иштер органдарына, борбор калаанын тургунунан алдамчылыкка байланышкан мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз келип түшкөн, анын натыйжасында ага ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
 Маалым болгондой, 2021-жылдын жай айларында чала тааныш адам, арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен анын унаасын сатып кайра акчасын кайтарып берем деген шылтоо менен, транзиттик номуру бар (жаңы ташылып келинген) “Мерседес-Бенц W211” үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган. Ал кезде чет элдик машинанын баасы 600 миң сом акча каражатын түзгөн. Бирок, кылмышка шектүү андан кийин дайынсыз болуп, акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес-Бенц W211” үлгүсүндөгү автоунаа башка адамдарга жасалма документтери менен сатылып кеткен.
 Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 2-б. 1-п. «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
 Ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
 Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунда туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылык менен алектенген 1985-жылы туулган Э.М. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.
 Жогорудагы Э.М. аттуу жаран кылмыштуу идеологияны карманган, мурда криминалдык чөйрөдө “положенец” макамына ээ болгон.
 Кармалган адам камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп, аталган жарандын мурда жасалган башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

УКМК: Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталып, камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опер кызматкери А. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн кызматкери М.А.М. кармалды.

        Такталгандай, КР ИИМдин аталган кызматкери, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган. 

        Мурда белгиленгендей, жогорудагы кызматкерлер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң АКШ долларына чейин акча каражатын талап кылышкан.

       Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

        Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

        Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар КР УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.

 Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

ИИМ: Кара-Сууда айылдаштарын уруп-сабап, жер тилкелерин тартып алып жүргөн криминалдык дүйнөнүн өкүлү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Джалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды.
Тактап айтканда, 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 04-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран эч себепсиз эле уруп-сабап денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 6-август күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу районунун Коңурат айылынын тургуну, 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 27-апрель күнү өзүнүн ошол эле айылындагы 6 сотых жерине
Куттубек аттуу атуул «Менин чегим» деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, күч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган маалымат 2023-жылдын 27-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, Кыргыз Республиккасынын кылмыш жаза кодексинин 212-бер. 1-бөл. негизинде сандуу кылмыш иши козголгон.
Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну  мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 2023-жылдын 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Карасуу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК: Абакта олтуруп, коркутуу жолу менен ири суммадагы акча алып жүргөн Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Кечээ, 8-августта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан  КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31-мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды, ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 мл. сом зыян келтирилген. 

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Казакстанда бирөөнү коркутуп, $760.000 тартып алып качып, Кыргызстандын жарандыгына өтүп алган УКТ мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен  У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстан Республикасынын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.    

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га Кыргыз Республикасынын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.О.нын башка Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү бирөөнүн “Мерседес S500” унаасын жана $17000 күч колдонуп тартып алгандыгы үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды.

Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню