Menu

УКТ – ОПГ

ИИМ: Бир адамды өлтүрүп, экинчисин бычактаган кримтөбөл "Женго" Кадыр Досонов кармалды, шериктери изделүүдө

Кечээ, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган банкттын капталындагы аялдаманын аркасында тергөөдө өздүгү аныкталбаган белгисиз атуулдар, өздөрүнүн кылмыштуу аркеттери менен адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетип калышкан. Ошондой эле анын шериги, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. дагы денесинен (өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган) жарат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Натыйжада Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 13-январь күнү Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жай сүрөткө алынып, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада 13-январь күнү бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча башкармалыгынын жана Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Анын шериктери, бул кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө. Алар:
1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.
Андан сырткары, шектүүлөр айдап жүргөн “Тайота” үлгүсүндөгү унаа дагы табылып, учурда Ош ШИИБдин убактылуу токтотуучу жайына киргизилди.
Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыӊыздар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланыш коюушуӊарды суранабыз.

Кочкор-Атада жыгач устадан 50.000 сом, 1 автоунаа талап кылган "смотрящий" кармалды

Жалал-Абад милициясына 2022-жылдын декабрь айында Ноокен районунун 32 жаштагы тургуну А.И. арыз менен кайрылып, ал өз арызында Кочкор-Ата шаарынын тургуну “Бакай” аттуу атуул менин телефонума чалып, “2022-жылдын 20-декабрь күнү мага 50 000 сом акча жана 1 автоунаа коёсуӊ, Кочкор-Ата шаарында “смотрящий” боломун, эгерде менин айткандарымды кылбасаӊ Кочкор-Ата шаарында жашоосу кыйын болуп, үй-бүлөсүнө жана өзүнө карата зомбулук көрсөтүлөрүн, айтканыма көнсөӊ Кочкор-Ата шаарында устачылыгыӊды кылып иштей бересиӊ” – деп айтып коркутту. Мен, Бакай аттуу атуулдан коркконумдан макул деп айтып койдум, ошондуктан Бакай аттуу балага мыйзам чегинде чара көрүп беришиӊерди суранамын деп кайрылган. 

Бул факты 2022-жылдын 14-декабрында Жалал-Абад ОИИБдин МЭЖне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталган. 

Ал эми, кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бакай аттуу атуулдун өздүгү такталып, ал Ноокен районунун 1988-ж.т. тургуну, мурда Россия Федерациясында “каракчылык” фактысы менен сот жоопкерчилигине тартылган Ж.Б. экендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө контролдук сатып алуу жалган бүтүмдү түзүү кырдаалын жаратуу максатында, атайын тергөө аракетин жүргүзүү учурунда Кочкор-Ата шаарынын базарынан өткөн Бишкек-Ош автожолунун түштүк тарабындагы жолдун четинен жабырлануучу А.И.нин колунан ашканага кирип, 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын алып кетип жаткан жеринен Ж.Б. кылмыштуу шериктеши Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. кармалып, ал өзүнүн ыктыяры менен шымынын чөнтөгүнөн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын алып чыгып берген.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы шектүүлөр Ноокен РИИБдин УКЖна киргизилген жана баш коргоо чарасы Ноокен райондук соту тарабынан каралып, 1 (бир) айга камака алуу түрү тандалган.

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Токтогулда дүкөнчүдөн 5000 сом талап кылып, уруп-тепкилеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө 2023-жылдын 8-январь күнү 28 жаштагы тургун  арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Токтогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө өзүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштардагы бала келип, эч бир себепсиз коркутуп, опузалап 5000 сом акча талап кылып, “Бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз” – деп коркутуп кетип калган. Андан кийин, 2023-жылдын 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил автоунаасында кетип бара жатканда, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаада 31-декабрь күнү 5000 сом опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкен. Алар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, “31-декабрда эмнеге 5000 сом акча бербедиӊ” – деп оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп, денесине жараат келтиришкендигин билдирген. 

Бул факты Токтогул РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу)  менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

2023-жылдын 9-январь күнү жүргүзүлөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми дагы бир Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. А.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган. 

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абадда бирөөнүн бутунун сан мүчөсүнө учтуу нерсе менен сайып, “Тойота" автоунаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

8-январь күнү саат 15:15 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефон номерине Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери телефон чалган. Анда 8-январь күнү саат 14:45 чамасында Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургунун өзүнө бейтааныш болгон 39 жаштагы жаран өз ара пикир келишпестиктен улам бутунун сан мүчөсүнө учтуу нерсе менен сайып, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетип калгандыгын билдирген. 

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1984-ж.т. О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда Аксакалдар кеңешинин арызынын негизинде, жерди мыйзамсыз басып алууга шек саналган уюшкан кылмыш тобунун А.Ы.А аттуу бир мүчөсү кармалганын билдирди.

“Райондук аксакалдар кеңешинин жамааттык арызынан улам козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 гектардан ашык жерди жеке жактарга кайра сатуу максатында өзүм билемдик менен ээлеп алган А.Ы.А. кармалды. Ал аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн күч колдонуп коркуткан. Ошондой эле, 2022-жылы декабрда Кочкор милициясынын колго алуу менен жергиликтүү кафелердин биринин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысына байланыштуу кармалган Ш.Н.О. уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон”, – деп айтылат маалыматта.
Былтыр 24-декабрда атайын кызмат Кочкордо “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Көп өтпөй үч милиция кызматкери бошотулган.

Бул окуяга байланыштуу Нарын облустук милицияснын башчысы Алмаз Жумабеков иштен алынган жана жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылган.

УКМКнын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери шек саналып жаткан иш былтыр 7-ноябрда болгон. Ал кезде “кылмыштуу топтун сөз болгон мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирине барып, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылганы, эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалганы айтылат маалыматта.

УКМК көп өтпөй укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтык милдетин так аткарууга чакырган жана кызматына шалаакылык менен мамиле кылгандарга мыйзамда жаза каралганы эскерткен.

УКМК: ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров менен Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин(Көлбаев) жолугушканы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч болуп калды.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтире баштады, экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.
Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кее бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат.
Бул контекстте криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар.
Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат.

ИИМ: Уюшкан кылмыштуу топту калкалап жүргөндүгү үчүн Жалал-Абад облустук милициясы менен Сузак райондук милициясынын начальниктери кызматтарынан алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган Сузак райондук милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазаларын алышты:
-Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги А.Тагаев, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги З.Ормонов, Сузак РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын майору А.Бакиров, Сузак РИИБдин начальнигинин орун басары- кылмыш иликтөө кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Б.Маткеримов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.
– Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча начальнигинин орун басары Б. Кулжановго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Н.Долоновго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги С.Джумагуловго, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Штабынын начальниги милициянын полковниги М.Ташбаевге, Сузак РИИБдин начальнигинин кызмат боюнча  орун басары милициянын майору К.Саркаровго, Сузак РИИБдин начальнигинин кадр боюнча  орун басары милициянын майору Н.Далбаевага “катуу сөгүш” тартиптик  жазасы берилди.
– Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү милициянын полковниктери Н.Жолоев, А.Абдыраимов “сөгүш” тартиптик жазасын алышты.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин ыкчам иштер боюнча начальнигинин орун басары К.Рахмановдун, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кызмат боюнча начальнигинин орун басары Н.Сыдыковдун, Жалал -Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кадр боюнча начальнигинин орун басары М.Масиркуловдун тартиптик жоопкерчилиги ден-соолугу сакайгандан кийин карала тургандыгын белгилейбиз.
Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, ээлеген кызмат ордунан 4 кызматкер бошотулду, калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми ден-соолугуна  сакайгандан кийин калган 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилиги каралат.
Кемчилиги абдан көп, көйгөйү түгөнбөгөн, өз убагында мыйзамдуулукту сактоо боюнча чара  көрбөгөн, коомдук тартипти сактоодо шалаакылык же жеке кызыкчылыктарды көздөгөн жетекчилерге кескин чаралар көрүлө тургандыгын белгилейбиз.

ИИМ: Бишкекте ээсин сабап, “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) унаасын тартып алышкан кылмышкерлердин төртүнчүсү кармалды

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын август айында Бишкек шаарындагы унаага май куйган жайдын аймагында белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, коркутуп, денесине залал келтирүү жолу менен “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмү “Күч колдонуу менен автомототранспорт каражатын айдап качуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар мурда соттолгон үч адам кармалган. Көп өтпөй уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.
Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар төртүнчү шектүү Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган М.уулу Ш. кармашкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин  ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон.  Кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн. Жаран М.уулу Ш. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: Кыргыз-кытай чек арасында (Үзөнгү-Кууш) мергенчиликте жүргөн "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбай 10 жигити, 8 куралы менен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып  келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана  «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү  тапанча) табылып алынган.

Ошентип, К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн. 

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон 5 автоунаасы мамлекеттин пайдасына алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А.  уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Айрым маалымат каражаттары К.А. инициалы мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек экенин жазып чыгышты.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню