Menu

Улуттук банк

Улуттук банк: Европага $1,1 млрд акчага 19 тонна кыргыз алтыны экспорттолду

Европа өлкөлөрүнүн бирине  1,1 млрд АКШ долларына 19 тонна кыргыз алтыны экспорттолду. Бул тууралу КР Улуттук банкы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл ичинде тышкы соода жүргүзүү боюнча, атап айтканда алтынды экспорттоо боюнча маалыматына шилтеме келтирүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүнү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды сатып алуу боюнча өзгөчө укуктарга ээ. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк алтын-валюта резервдеринин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо принциптерин сактоо менен туруктуу негизде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алтынды улуттук валютага сатып алат. 

Кыргыз Республикасында баа жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган акча-кредит саясатынын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк баалуу металлдарды андан ары жайгаштыруу жана/же сатып өткөрүү максатында аларды тышкы рынокторго жайгаштыруу боюнча стандарттуу операцияларды жүргүзөт.  

Бул операциялар Улуттук банкка өз учурунда жана ыкчам түрдө алтын-валюта резервдеринин ликвиддүү бөлүгүн толуктап турууга шарт түзөт. Тышкы рыноктордо баалуу металлдарды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсептерине түшүп, кайра акча-кредит саясатында каралган негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд АКШ доллары тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгондугу белгиленген. Аталган маалымат 2021-жылдын башында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат.  

Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деӊгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн АКШ долларына же 6,0 пайызга көбөйүп, 2 977,6 млн АКШ долларын түзгөн. 

Борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогоруда көрсөтүлгөн принципти сактоо менен эл аралык резервдерди тескөө процессин жүзөгө ашырат, демек бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ.  

Улуттук банк өз ишин жүзөгө ашырууда маалыматты ачык-айкын, так жана толук чагылдыруу принциптерине таянат. Улуттук банк тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, ал Аудит боюнча эл аралык стандарттарына ылайык эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталган. Улуттук банктын 2021-жыл үчүн финансылык отчету Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланган. 

Улуттук банк коммерциялык банктарга кошумча укуктарды берди

Улуттук банктын башкармалыгы 27-июлда “айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун (№ 2022-П-14/47-7-(ПС)) кабыл алды.

Документке ылайык, 2010-жылдын 26-майындагы Улуттук банктын № 36/7 “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомго, ошондой эле, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 “Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, коммерциялык банктарга кошумча укуктар берилет. Тактап айтканда, “банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө” коммерциялык банктар эми төмөнкү функцияларды атакара алышат:

– өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү;

– акча которуу системалары аркылуу акча которууларды ишке ашыруу;

– аларды банкка өткөрүп берүү максатында банктык эсеп ачууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

– банктык төлөм карттарын чыгарууга/кайра чыгарууга бланктарды берүү жана кабыл алуу;

Аталган токтомго ылайык, электрондук кол тамга жана банктык карталарды колдонуу боюнча да жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.

Улуттук банк доллардын курсун дээрлик үч сомго чейин жогорулатты

Улуттук банк 8-июлга карата АКШ долларынын курсун 82,37 сом деп белгиледи. Бир күн ичинде ал дээрлик үч сомго кымбаттады.

Муну менен акыркы айда доллардын наркы биринчи жолу расмий түрдө жогорулады. Июндун башынан бери ал 79,50 сом деңгээлинде сакталып келген.

Соңку күндөрү доллардын базардагы баасы да көтөрүлүп жатат. 7-июлда алмаштыруу жайларында АКШ валютасы 84 сомдон сатылып, сатып алуу 83 сомду түздү.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып, валюта базарында туруксуз кырдаал жаралды.

Марттын ортосунда бир доллар 105 сомго чейин көтөрүлүп, апрелдин башында 81,5 сомго түшүп калган.

Ошол эле маалда өлкөдө нак доллар тартыштыгы жаралып, банктар чектөө киргизди.

Учурда айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат.

Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган.

Бул арада накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканы айтылууда.

Заир Чокоев жана Манас Жакыпов КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Чокоев Заир Линарович жана Жакыпов Манас Жакыпович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Момункулова Мээрим Авасбековна жана Тезекбаева Айнура Сарылбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан бошотууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичти башка кызматка өтүп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, добуш берүү жыйынтыгында анын өтүнүчү канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын билдирди.

Ал эми Толкунбек Абдыгулов өзү бул кызматта иштеген мезгил аралыгында Улуттук банк өлкөнүн акча-насыя саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүү аракетин келгенин баса белгиледи. «Биз бул жылдары улуттук валютанын кунун кармап туруу жаатында иштиктүү аркеттерди жасадык. Өзгөчө акча жүгүртүү жаатында улуттук валютанын ордун бекемдөө, дедоллардаштыруу боюнча бир топ ийгиликтерге жетиште алдык десек болот», – деп, ал Президенттен анын билими менен тажрыйбасын башка тармакта колдонуу сунушу түшкөнүн, ошондон улам өз каалоосу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазганын кошумчалады.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү Толкунбек Абдыгулов банк тармагында узак жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келген өтө билимдүү жана тажрыйбасы мол адис экенин, Кыргызстандын ачка-насыялык саясатынын ырааттуу жүргүзүлүшүнө сиңирген зор болгонун белгилешип, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалашты.

Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которуп бергенин банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады.

Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берет деди.

“Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. сомду котордук. Бул сумма ансыз деле жыл аягында бюджетке түшмөк. Мында мыйзам бузуу жок”,-деди Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын жалпы кирешеси 5 млрд. 395 млн сом болгонун, ал эми 2020-жылы жалпы киреше 8,5 млрд сом болгонун маалымдады. Анын айтуусунда, Улуттук банктын быйыл, сентябрга карата кирешеси 9 млрд. сомдон ашуун, ал эми алтын-валюта резерви – 3,2 млрд. долларды түзөт.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат. Ал президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Улуттук банк: Өлкөдөгү курч эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эски акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларды сатуу операциялары токтотулат

Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралгандыгына байланыштуу, СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотуп жаткандыгын маалымдайтБул тууралу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Меню