Menu

Урмат Самаев

Сот Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевди 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камады

Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга байланыштуу кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакка алды.

Адвокаттар камакка байланышпаган бөгөт чарасын кабыл алууну суранышты.

Тергөө соту Алмаз Нурбеков кабыл алган чечимге ылайык, Урматбек Самаев 1-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Самаевдин адвокаты Кымбат Жекшен кызы журналисттерге соттун чечими менен макул эместигин, жогорку инстанцияга даттанарын айтты.

Урматбек Самаевди УКМК “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 17-апрелде кармаган.

Тергөө учурунда Токмок шаарында бир катар үйлөр “Токмок жылуулук” ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана “Токмок жылуулук” ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан.

Тергөөчүлөр Урматбек Самаевди сотко алып кирип бараткан учурда ал журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө коюлган айыптарды төгүндөдү. Самаев бул окуялар ал кызматка келе элек 2016-2018-жылдары болгонун айтып, кылмышка ага чейин иштегендер жооп бериши керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта шайланган.

37 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы парламентке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Самаев Токмоктогу кылмыш дүйнөсүнө жана жүк аткезчилигине тиешеси бар экени айтылып келет.

2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого Самаев “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында катышкан.

УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев пара алып жүргөндүгү үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.  

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Меню