Menu

Учак «Diamond DA 42М-NG»

2017-жылы Кыргызстанга самолет алып келип, 13,7 млн сом бажы салыгын төлөбөй жүргөн эргулдар кармалып, иши Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажы мыйзамын бузуу фактысы белгиленген. 

   «S.K.G.A.» ЖЧКга тиешелүү «Diamond DA 42М-NG» жеңил моторлуу учак 2017-жылдан баштап өлкөнүн аймагында жайгашкандыгы белгиленген. Бажы органдарынын Бирдиктүү автоматташытырылган маалыматтык системасынын борбордук маалыматтык базасында 31.03.2022-жылдын абалы боюнча учакка бажылык тариздөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жок. Башкача айтканда, учак бажы жагынан таризделген эмес. Буга байланыштуу,   «S.K.G.A.» ЖЧКнын иш-аракетинде/иш-аракетсиздигинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу белгилери каралат. 

   Учак үчүн  «Убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосу боюнча тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 475 810 сомду түзгөн, жана «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча 8 237 128 сомду түзгөн. 

    Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.

Меню