Menu

Ырыс Жекшеналиев

Активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев журналисттерге билдирди.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Доктурлар анын ден соолугу жакшы эмес деп айтышканын тарапкерлери билдиришкен.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошкон. Анда бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан.

Кайсын Абакиров, адвокат: Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралу видеосун блогер монтаждап, мааниси жана мазмунун бурмалап тараткан

Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаев катышкан видеотасманы таратуу фактысы боюнча адвокат Кайсын Абакировдун расмий билдирүүсү.
Социалдык түйүндөрдө А.К.Сегизбаевдин сөзүн чагылдырган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу видеотасма тарап жатат.
Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо компаниясы учурунда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген.
А.К.Сегизбаев видеонун таркатылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блоггерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз, анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат.
Урматтоом менен адвокат Абакиров Кайсын.

Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиев Сегизбаевдин 2 жыл мурунку эски видеосун жаңы катары таратканы үчүн 2 айга камалды

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Жекшеналиевдин жактоочусу ал Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты.

Ырыс Жекшеналиев сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.

Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн “Медиа Полиси” институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активисттерди, блогерлерди бошотууга чакырды. Билдирүүдө блогерге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, ал “Калайман баш аламандык” беренесине туура келбестигин, билдирүүлөрдө эч кандай башаламандыкка чакыруу болбогонун билдирген. “Медиа Полиси” институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин эске салган.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камалганын ырастаган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман баш аламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү – 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн.

Абдил Сегизбаев: "Интернетте Жетим-Тоо боюнча тараган видео 2020-жылы президенттик шайлоо убагында жасалган, андан бери эч кандай маалымат жарыялабагам"

Социалдык тармактардын бириндеги “Полит Узник” баракчасына  Жетим-Тоо темир кени боюнча жарыяланган видео боюнча Абдил Сегизбаев суракка чакырылып, тергөөнүн суроолоруна жооп берди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Абдил Сегизбаев “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев интернетте жарыялаган маалыматы боюнча: “Интернетте тараган видео бул 2020-жылдагы Президенттик шайлоолор убагындагы видео, андан бери эч кандай соцтүйүндөргө жана интернет булактарына эч кандай постторду же маалыматтарды жарыялабагам” деп айтып берди.
Анын айткандары толугу менен текшерилди.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Абдил Сегизбаев чакырылып тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп берген соң кайра үйүнө кеткен.
Учурда тергөөгө тиешелүү иш чаралар уланууда.
Меню