Menu

Эмгек мигранттары

Москвада Өзбекстандык, Тажикстандык жана Кыргызстандык мигранттар жапырт мушташышкан

Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармады. Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын сайты 19-февралдагы жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканын жазды.

Азырынча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктардын кармалганы боюнча маалымат тарата элек.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.

Былтыр алты айда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык атуул Орусиянын жарандыгын алган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда жашап-иштеп жүрөт.

Орусиядагы кыргызстандыктар Миграциялык борбордогу медициналык текшерүүгө акы төлөбөй турган болду

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды.

Сөз Москвадагы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги кызмат тууралуу жүрүүдө.

Ошондой эле аталган борбордогу медициналык текшерүү кызматтарынын тизмеси толукталып, жугуштуу оорулардын кошумча анализи башка мекемелерге жөнөтүлбөстөн, ошол жерден эле жасалмай болду. Чет өлкөлүк жаран эгер оорусу бар экени аныкталса гана Москванын атайын медициналык жайларына жөнөтүлөт. Ал жакта дарылоо үчүн акы алынбайт.

Орусияда миграциялык мыйзамдарга ылайык медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнө “жыныстык жол менен жугуучу оорусу бар” деген диагноз коюлуп, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатканын декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыккан. Ал “Сахарово” борборунда ачылган медициналык жай текшерүүдөн өткөн ар бир мигранттан 5700 рубль алып, венерологиялык оорусу бар дегендерди дарыланууга кымбат клиникага жөнөтүп жатканын белгилеген. Кыргыз жарандарынын укугу бузулганы аныкталса, бийликтен чукул арада чара көрүүнү өтүнгөн.

Маселени парламенттин башка депутаттары да көтөрүп чыгышкан.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлгөн.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.

Орусияда 2023-жылы мигранттардын эмгек патенти кымбаттайт

2023-жылы Орусиянын көпчүлүк аймактарында эмгек мигранттары үчүн патенттин баасы жогорулайт.

Ноябрь-декабрь айларында Орусиядагы аймактардын көбүнүн мыйзам чыгаруу органдары жергиликтүү салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, аймактык коэффициенттерди жогорулатты. Бул коэффициенттер мигранттар ала турган эмгек патенттеринин баасын эсептөөдө колдонулат.

Орусияда жашаган тажикстандык юрист Мухаммаджон Собировдун айтымында, Москва шаарында мигранттар үчүн патент 5900 рублден 6600 рублге чейин кымбаттайт. Санкт-Петербургда 4200дөн 4400 рублге, Самарада 4419 рублден 5720 рублге чейин жогорулайт.

“Патенти бар мигранттар киреше салыгын эки жолудан төлөбөшү керек. Алар патенттин мөөнөтүн узартуу үчүн акча төлөшөт. Андан соң анын айлыгынан киреше салыгын да кармап калышат. Чет өлкөлүк жаран патенттин мөөнөтүн узартуу менен киреше салыгын аванс менен төлөп, айлык алгандан кийин жумуш берүүчү да кармап калууда”, – деди юрист.

Эмгек патенти Орусияга визасыз кире алган өлкөлөрдүн жарандарынан талап кылынат. Мындай патенттер аларга бул өлкөдө мыйзамдуу иштеп жүрүшү үчүн керек.

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.

Факты боюнча Москванын Кунцево райондор аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келсе, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.

Кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда кыргыздарды 2023-жылкы кулпунай жана спаржа өстүрүү сезондук жумуштарына тартууга аракет кылууда

Кечээ, 15-ноябрда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан кулпунай жана спаржаны ɵстурʏʏ, чогултуу жана сатуу боюнча «Erdbeerhof Gebesee GmbH» компаниясынын Аткаруучу директору Андреа Лееферс менен жолугушту.
Бул компаниянын аткаруучу директору А.Лееферс 2023-жылы Кыргызстандан жумушчуларды сезондук жумушка тартууга өзүнүн компаниясы кызыкдар экенин билдирди.
Элчи Ө.Ч.Текебаев Германияда Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган компанияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалымат: «Erdbeerhof Gebesee GmbH» – бул кулпунай жана спаржа өстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча адистешкен айыл чарба компаниясы болуп эсептелет. Компания жыл сайын жайында кулпунай жана спаржа чогултуу жана сатуу боюнча жумушчуларды ишке тартат. Сезондук жумуш апрелден июлга чейин созулат.

Орусиядагы тажик мигранттары оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө жөнөтүлдү

Орусиянын курулуш компаниялары оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөттү. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Радионун кабарчысы менен байланышка чыккан 30 жаштагы Курбон Шарифов Мариуполдо август айынын аягынан бери иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, аларды Мариуполго буга чейин тажик мигранттары иштеп келген Москвадагы “Реставрация” курулуш компаниясы жөнөткөн. Алгачкы ай үчүн куруучуларга 130 миң рублден (2350 доллар) маяна төлөшкөн. Бул тажикстандык куруучулар Москвада алган айлыктан эки эсеге көп.

“Кийинки айларда да ушундай айлык төлөйбү билбейбиз. Бул жакта талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип, терезелерин алмаштырып, чатырларын жаңыртып жатабыз. Бизди убактылуу турак жай жана үч маал тамак менен камсыз кылышты”, – деди Шарифов.

Мариуполго жөнөтүлгөн тажик мигранттарынын так саны белгисиз. Шарифовдун айтымында, “Реставрация” курулуш компаниясы эле бул шаарга 110 киши жөнөткөн. Алардын көбүн Тажикстандын жарандары түзөт. Мариуполго жумушчуларды жөнөтүү менен башка курулуш компаниялар да алектенүүдө.

Орусияда анча чоң эмес курулуш компанияларга ээлик кылган Тажикстандын айрым жарандары да Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө жумушчуларды жөнөтүп жатышат. Аты-жөнүн жана фирмасынын аталышын айтуудан баш тарткан алардын бири Мариуполго 30 миң курулушчу жөнөтүүгө буюртма келгенин билдирди.

“Кечээ автобус менен жумушчулардын тобун жөнөттүк. Бүгүн алар иштей башташты. Биздин жумушчулардын көбүн Тажикстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар түзөт”, – деди ал.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги тажик жарандарын Мариуполду калыбына келтирүү иштерине жөнөтүү боюнча орус бийлигинен расмий билдирүү болбогонун айтышты. “Айрым мекендештерибиз бул боюнча бизге телефон чалышкан. Биз аларга кооптуу аймактарга барбоо кеңешин бердик”, – деди элчиликтин өкүлү.

Мариупол – Украинанын Донецк облусунун өнөр жай борбору жана Азов деңизиндеги ири эл аралык соода порту болуп эсептелет. Бул шаар үчүн кармаш 2022-жылдын 25-февралында башталып, май айында гана орусиялыктардын карамагына өткөн.

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты.

Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

“Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. “Новая газета. Европа” басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Путин мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген.

Депутат Нуржигит Кадырбеков миграция тармагына жооп берген өзүнчө мамлекеттик орган түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 8-сентябрда өткөн жыйынында айрым депутаттар мигранттар маселесин көтөрүштү. Нуржигит Кадырбеков миграция тармагына жооп берген өзүнчө мамлекеттик орган түзүүнү сунуштады.

“Миграция маселесин ар дайым ар кайсы мекеменин карамагына – бир туруп Социалдык өнүгүү министрлигине, бир туруп Саламаттык сактоо министрлигине, бир туруп Тышкы иштер министрлигине берип коебуз. Бир киши жооп бергидей өзүнчө түзүм керек. Мындан тышкары мигранттарды даярдоо боюнча программа кабыл алуу шарт, себеби жаштар мектепти бүткөндөн кийин паспорт алып, эч нерсени билбей четке кетип калууда, алданып, түрмөгө түшүүдө”, – деди депутат.

Эл өкүлү Эмил Жамгырчиев мигранттардын укугун коргой турган өзүнчө омбудсмен керек деп эсептейт. Ал мигранттардын көйгөйлөрүн кандайдыр бир трагедия болгон учурда гана эстешет деген пикирде.

Августа Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгынан 14 кыргызстандык набыт болгондон кийин акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусияда Кыргызстандын укук коргоо органынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштаган.

Акыркы расмий маалыматка караганда, чет өлкөлөрдө 1 млн 118 миң кыргызстандык убактылуу жашат жана иштейт. Алардын 1 млн 63 миңи Орусияда.

ТИМ: Россиянын Златоуст шаарына жакын жерде кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 6 киши жаракат алды, бир кыздын абалы оор

Кечээ, 7-сентябрда Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 унаа жолунда Кыргыз Республикасынын жараны К.Ш.нын башкаруусундагы «Рено Логан» (жеңил унаа) каршы тилкеге чыгып кетип, натыйжада Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Унаанын ичинде алты адам болгон, баары бир үй-бүлө мүчөлөрү – ата-энеси жана алардын төрт баласы. Баары Кыргызстандын жарандары. Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочунун жубайы жана балдары Оштон Уфага учак менен келген. К.Ш. үй-бүлөсүн Уфанын аэропортунан тосуп алып, көрсөтүлгөн унаа менен Нижневартовск (ХМАО – Югра) шаарына бара жаткан.

Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар тез жардам кызматы менен Златоуст шаарындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди.

7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.нын кызы – З.Р. (12 жашта) операция болгон. Кыздын абалы оор. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, алар учурда жогоруда аталган оорукананын травматология бөлүмүндө.

Бул окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери, МАИ кызматкерлери жана жабыркаган кыргызстандыктар менен байланыш түзүлүп жатат.

Меню