Menu

Эмгек мигранттары

ИИМ: Россияда кыргыз эмгек мигранттарын уурдап, сабап, опузалап акчаларын тартып алып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарында өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенип жүрүп мурда кармалган кылмыштуу топтун жашырып жүргөн дагы мүчөлөрү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер  күч колдонушуп, бычак менен коркутушуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, анын эркине каршы белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 000 000 рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 000 рублин алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.
Буга байланыштуу ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча бир катар комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 23-август күнү Россиянын ИИМдин  тиешелүү башкармалыктарынын ыкчам кызматкерлери Росгвардиянын ыкчам чараларды көрүү атайын отрядынын күжүрмөн колдоосу менен шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.
-Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;
– Экинчи шектүү Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну  2000-жылы туулган Ж.уулу Н..

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Жогорудагы адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.
Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Москва шаарында жана Москва облусунда «криминалдык авторитеттин» тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар акча талап кылуу менен алектенип, ишкердик менен алектенген жарандарга көзөмөлдү уюштурууга аракет кылышкан.
Кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкарып келген. Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон жана “Карагер” каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Жогорудагы кылмыштуу топтун 7 мүчөсүн кармоо операциясы ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.
Учурда  ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка жана башка оор кылмыштар менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун директорунун Кыргыз Республикасы боюнча орун басары А.Алиев менен бирдикте биздин мекендештерибиздин арасында криминогендик кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантышып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүшүүдө.

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.

Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна – 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек – 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна – 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдардын сөөктөрү атайын учак менен 23-август күнү кечке учак менен Ошко алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу кечээ, 23-августта Кыргызстан аза күттү.

Россиядагы жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү салынган атайын учак Ош аэропортуна келип конду

Ош шаарынын аэропортуна Россия Федерациясынын  Ульяновск областындагы жол кырсыгынын натыйжасында каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү салынган атайын борт келди.

Тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда.

Каза болгондордун туугандарына Президент Садыр Жапаровдун атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Жарлыгы менен 23-август Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Россияда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргыздын сөөгү атайын учак менен Кыргызстанга жөнөтүлдү

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, бүгүн, 23-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.
Ульянов шаарына КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, КР Президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде РФ ӨКМнин Ульянов облусун башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Михаил Осокин жана орун басары, полковник Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады.

Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Буга чейин министр Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча көрүлгөн аракеттер тууралуу билдирүү жасаган. Анда министр каза болгондордун бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары экенин айткан.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2 Бекмурзаева Диана Акылбековна – 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек – 22.07.1999, Араван райыону, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна – 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич – 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2 Мусабаева Элнура Турганбаевна – 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина – 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет – 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз – 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы – 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек – 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович – 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Осмонова Айтгул Момуновна – 10.05.1959, Баткен шаары.
5. Арыстанбек уулу Нуртилек – 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгул – 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык – 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек – 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирген.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келинет.

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргыз жараны каза болуп, 3 жаран оор жаракат алган

Кечээ,  21-август күнү Москва убактысы боюнча саат 13:00дө Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунун Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосунда М5 – “Урал” унаа жолунун 808 – 810-чакырымында 2 оор жүк ташуучу унаа жана Самара шаарынан Москва шаарына багыт алып бара жаткан “Mercedes” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыгынын кесепетинен жалпы 16 адам каза болуп, алдын ала маалымат боюнча 14ү Кыргызстандын жараны (тактоо иши жүрүүдө) жана 3 жаран оор жаракат алган. Жабыркаган 3 жаран Ульяновск облусунун Николаевск районунун борбордук ооруканасына, ал эми каза болгондор ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Жол оңдоо иштери жүрүп жаткан участоктон өтүү үчүн оор жүк ташуучу унаанын артында кезек күтүп турган микроавтобустун артынан дагы бир оор жүк ташуучу машина катуу ылдамдыкта келип сүзүп, микроавтобус эки чоң унаанын ортосунда капшырылып калган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен атайын топ жерине барып, тийиштүү чараларды көрүүдө.
Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

ТИМ: КР жарандарын Россияда миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен ишке ашырылат

Социалдык түйүндөрдө 3 айга миграциялык каттоого туруу менен 2022-жылдын 3-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам Россия Федерациясы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат тарап жатат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин маалыматына ылайык, Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.

Министрлик мекендештерден Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын так сактоону суранат.

Москвада эки кыргызстандыктын өлүмүнөн кийин жеке компаниянын директору кармалды

Москвада суу коллекторундагы үч жумушчунун өлүмүнөн кийин жалданма уюмдун директору кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Каргашалуу окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адам агып кеткен. Алардын экөө кыргызстандык жигиттер, бирөө тажик жараны.

Тергөө комитети коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

“Ушул тапта 1984-жылкы жеке компаниянын башкы директору кармалды. Ага карата тиешелүү тергөө аракеттери көрүлүүдө. Кылмыш иши боюнча иликтөө уланууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматка караганда, учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Москвада Кыргызстандын 22 жана 23 жаштагы эки жараны канализациянын ичиндеги сууга агып набыт болушту

Кечээ, 7-августта Москванын Люблино районунда Кыргызстандын 22 жана 23 жаштагы эки жараны канализациянын ичиндеги сууга агып каза болушту. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну суу агызып кеткен. Такталган маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 2002-жылы туулган К.уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К., аттуу эки жараны каза болгон.

Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Окуя болгон жерге Элчиликтин юристи барды, Элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүндө.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз жумушчу күчтөрүн Германияга экспорттоого сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

2-августта Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксония федералдык жеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана ири инвестициялык долбоорлору, ошондой эле 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Герман бизнес форуму жана Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин биринчи отуруму тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда системалуу түрдө ишке орноштурууну уюштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири каралды. Герман өнөктөштөрү Бишкек шаарында 2022-жылдын сентябрь айында кол коюуга пландалган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында Саксония федералдык жеринде кыргызстандык адистерди кесиптик даярдоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Германияда жумушка орношуунун шарты катары немец тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруунун маанилүү маселелеринин бири Кыргызстанда адистер үчүн тил үйрөтүү системасын түзүү болуп саналат.

Саксония федералдык жеринин өкүлдөрү да жогоруда аталган Меморандумга кол коюу максатында жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн германиялык делегациянын курамында Кыргызстанга келүүнү пландаштырууда.

Меню