Кечээ, 14-июлда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын KOBE International Trade Promotion Association компаниясы Кыргызстандын 300дөн ашык жаранын Япониянын заводдоруна жумушка орноштуруу боюна келишимге кол коюшту.
Келишимдин шарттарына ылайык, «техникалык стажерлер» программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары алгач Японияда окуп, андан кийин жумушка орношо алышат.
Түштүк Кореяга эмгек миграциясына жөнөп жаткан жарандар менен 11-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жолуккан. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Бул жарандар эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жумушка орношууда.
Министрликтин маалыматы боюнча ушу тапта Түштүк Кореяда эки миңдей кыргыз жараны иштеп жатат.
Министр Базарбаевдин айтымында, кыргызстандыктарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча буга чейин Жапония, Британия менен келишимдерге кол коюлган. Учурда Германия менен келишим даярдалууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.
16-июнда КР жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин жардамы менен Канвондо, Чолла-Намдо провинцияларынын жана Улсан шаарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууларда КР жарандарын Түштүк Кореянын провинцияларында жана шаарларында келишимдик жумуштарга орноштуруу маселелери талкууланды.
Жергиликтүү бийлик органдары кыргыз тарап тартуулаган маалымат менен таанышып чыккандан кийин азыркы учурда аларга жумушчу күчтөрү керек экендигин баса белгилешти. Ошондой эле кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бул жолугушууну элчилик Кореянын губернаторлорунун ассосациясынын (GAOK) жардамы менен уюштурду.
Андан башка да элчи Аида Исмаилова Кореянын «SEEDON» компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза жетектеген делегация менен жолугуп, кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү.
Ош облусунун Өзгөн районунун акимиаты менен Кореянын Хамъянг шаарынын мериясы кыргыз жарандарын бул шаарда жумушка орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюшкандан кийин Кыргыз Республикасынын башка райондору да ушундай эле макулдашууларга жетишүүгө каалоолорун билдиришүүдө. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаиловага таянып билдирет.
Буга байланыштуу элчи айым Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын башка аймактары да ушундай макулдашууларга жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштайт.
Элчи Аида Исмаилова Кореянын «SEEDON» компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза жетектеген делегация менен жолугуп, кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү.
Ал эми «SEEDON» компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза кыргыз жарандарын Тхэан уездинин Чхунчхон-Намдо провинциясына жана Муан уезддинин Чолла-Намдо провинциясына айыл чарба сезондук жумуштарына тартууга даяр экендиктерин билдирди.
Орусияга каршы киргизилген санкциялар бул өлкөгө Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына да таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму кабарлады.
Уюмдун маалыматына караганда, Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган 4 миллиондой мигрант бар: Кыргызстан – 1 миллион, Тажикстан – 1 миллион, Өзбекстан – 2 миллионго жакын жана Казакстан – 200 миң. Булар өз мекендерине которгон акча Борбор Азиянын ички дүң өнүмүнүн 30% чейинкисин түзөт.
Эл аралык миграция уюму Орусияга каршы киргизилген санкциялар орус экономикасына жана эмгек базарына өтө катуу таасир этиши мүмкүн экенин белгилөөдө. Мында кеп эки миллионго жакын иш ордун жоготуу жана жумушсуздуктун 4,4%дан 7,8%га чейин жогорулашы жөнүндө болушу ыктымал.
“Орусия экономикасынын төмөндөшү ал жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын кирешелерине жана алар келген өлкөлөрдүн экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Азырынча мигранттардын көбү Орусияда калуу каалоосун айтып жатышат. Бирок экономикада абал начарласа, мекенине кайткан адамдар көбөйө берет”, – деди Эл аралык миграция уюмунун Венадагы аймактык бөлүмүнүн директору Ренате Хельд.
Уюмдун маалыматына караганда, быйылкы жылдын биринчи кварталында Орусиядан 60 миң тажикстандык жана 133 миң өзбекстандык мигрант өз мекенине кайтып келишкен.
“Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, быйыл Орусиядан акча которуулардын көлөмү кескин азаят: Казакстанга – 17 пайыз, Өзбекстанга – 21 пайыз, Тажикстанга – 22 пайыз жана Кыргызстанга – 33 пайыз. Бул сандар көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жакырлануу ыктымалдыгы жогору экенин көрсөтүүдө”, – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелери боюнча маалымат берген чат ботун ишке киргизгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Телеграмдагы канал аркылуу мигранттар кыргыз жана орус тилдеринде паспорт, айдоочулук күбөлүк, Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуу тартиби жана мигранттар үчүн зарыл болгон баардык малыматтарды ала алат.
Кыргызстандан Орусияда бир миллиондон ашык мигрант бар экени расмий айтылган. Мигранттар буга чейин укуктук жана башка кенеш алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык кеңселерине кайрылуу түйшүгү да айтылып жүрөт.
Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында бир миңден ашык кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жазасын мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.
11-июнда Гессен федералдык аймагындагы Майндагы Франкфурт шаарынын паркында кыргызстандыктардын „Frankfurt Kyrgyz Community“ коому тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууга Германиянын ар кайсы шаарларынан келген 200гө жакын кыргызстандыктар, анын ичинде Майндагы Франкфурт шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдук агенттигинин өкүлү катышты.
Катышуучуларга уюштуруучулар кыргыз ырчыларынын катышуусундагы музыкалык программа тартуулап, анда кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырды, ар түрдүү улуттук тамак-аштар, суусундуктар берилди. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар, ар кандай викториналар, сынактар уюштурулду.
Май айында Германияга кесипкөй адистерди ишке орноштуруу боюнча EDUVISO программасы менен келишим түзүлдү. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
“Бул программанын негизинде кыргыз жарандары “Медайымдык иш” кесиби боюнча окуудан өтүп, Германияга ишке орношо алышат. Буга 35 жашка чейинки орто билимдүү жарандар жана медайымдар менен фельдшерлер катыша алышат. Даярдыктан өткөн жарандар Германияга узак мөөнөткө жумушка орношот. Биз азыр 250 адисти Германияга жөнөтүүнү пландап жатабыз”, – дейт Н. Базарбаев.