Menu

Энергетика

Доскул Бекмурзаев, энергетика министри: Электр энергиясы боюнча жаңы тариф президент менен макулдашылган

Электрдин тарифи президент менен макулдашылганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев 16-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт жана мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралган жок.

Министрлер кабинети жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатат. Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

“Арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт. Анткени булар көп киреше алган бизнес болуп саналат”, – деди Доскул Бекмурзаев.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алып жатат. Аны үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Бакыт Сыдыков: Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдында

Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагына арналган тегерек үстөл өттү. Анын катышуучулары Кыргызстандын энергетика тармагынын кейиштүү абалын белгилеп, көйгөйлөргө токтолду.

“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыков энергетика системасындагы абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, Кыргызстанды оор күндөр күтүп турганын айтты.

“Кыргызстандын энергетика системасы критикалык абалда. Буга Токтогул ГЭСиндеги суунун аз топтолушу, электр энергиясына ички керектөөнүн өсүшү, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын чыдабай калышы, электр жабдыктарынын көпчүлүгүнүн эскириши себеп. Эгер абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса Кыргызстандын энергетика системасы, Токтогул ГЭСинин негизги каскадына чейин кыйроо алдында турат. Жыйынтыгында узакка созулган социалдык-экономикалык кризиске кептелебиз”.

Кыргызстанда электр жабдууларынын 70-80 пайызга жакыны эскирип бүткөнүн “Улуттук энергохолдинг” билдирип келет. Дүйнөлүк тажрыйбада энергетика системасындагы жабдыктардын эскириши 30 пайызга чейин мүмкүн деп эсептелет.

Электр жабдуулардын эскириши Улуттук электр тармактары боюнча 52-57 пайыз, “Электр станциялары” 73 пайыз, Бишкек жылуулук тармагында 83 пайыздан ашып кеткен.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керектигин билдирген.

Меню