Кечээ, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБүнө Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан аял кишинин жансыз денесине карого жүргүзүлүп, анын дене жаракаттары аныкталып, ал 73 жаштагы М.А. аттуу жаран экендиги такталагн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы М.А. аттуу баласы кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылдууда.