Menu

Эрбол Султанбаев

Эрбол Султанбаев АКШ сенаторлорунун кайрылуусуна жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун “Азаттык Медиа” тууралуу кайрылуусуна жооп берди.

“Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору “Азаттык медиа” айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет. “Азаттык Медианын” ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет. Бул чечимди кабыл алганга чейин, иинистрлик “Азаттык медиа” редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган”, – деп жазылган анда.

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана “Азаттык” радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө “Азаттык” радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Алар Кыргызстандын басма сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу милдеттемеси АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында “Азаттык” радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришкен. АКШ сенаторлору Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы сөз эркиндигине байланыштуу айткандарын эске салышкан.

Ошол эле кезде алар кыргыз өкмөтүнүн “Талибан” кыймылынан (Кыргызстанда тыюу салынган) улам Бишкекке жер которууга аргасыз болгон “Азаттык” радиосунун ооган кызматынын журналисттерине көрсөткөн колдоосун кубатташкан.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык” радиосуна байланыштуу кыргыз бийлигинин бул чектөөлөрүн сындап, билдирүүлөрдү таркаткан. Кыргызстандын бир катар маданий жана коомдук ишмерлери радиого каршы кысымды токтотуу жана сөз эркиндигин сактоо өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө эркин медианын иши чектелгени тууралуу маалыматтарды четке кагып келатышат.

Эрбол Султанбаев MEGA компаниясы мамлекеттин карамагында каларын билдирди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) менчиктештирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берди.

Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, компания жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт. Ал MEGA өлкө бюджетин толтурууга салым кошуп, мамлекеттин карамагында кала турганын жазды.

“Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк, же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө алып келет деп күтүлүүдө”, – деген Султанбаев.

Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков элди мамлекеттик “Мега” (мурдагы “Мегаком”) мобилдик компаниясынын кызматын колдонууга чакырган. Муну ал “мамлекетке көп каражат түшсө – айлык, жөлөк пул, пенсия көлөмү өсүп, мектептер көп курулуп, жолдор салынат” деп түшүндүргөн.

Декабрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа Телеком” (MEGA бренди менен таанымал) ишканасын сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Фонддун башчысы Мирлан Бакиров “Мега” мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганын билдирген.

17-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында бул маселе каралып, ишкананын жетекчилиги компания сатылбай турганын айткан.

MegaCom 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылган. Кийин ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүргөн.

Эрбол Султанбаев, КР Президентинин пресс-катчысы: "13 жашар секелек кызга зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлери камакта, сотто адилеттүү жаза берилет"

КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 13 жашар кыздын 2 милиция кызматкери жана 2 жаран тарабынан жарым жыл колдон-колго өтүп, зордукталып жүрүшү боюнча билдирүү таратты:
13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.
Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.
Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт.
Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт”, – деп жазат Эрбол Султанбаев.

Эрбол Султанбаев: Президенттин чек ара тууралуу айтканын бурмалап жатышат

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандарын айрым кызыкдар тараптар бурмалап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет”, – деп белгиледи Султанбаев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроого жооп берген. Анда чек ара маселесин чечүүдө негизги төрт көйгөй бар экенин белгилеп, Тажикстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер боюнча позициясын Кыргызстан эч качан кабыл албай турганын билдирген.

Президент маалымат жыйынында Тажикстандын Мургаб району тууралуу да айтып өткөн.

Мындан кийин буга Тажикстандын демократиялык партиясынын (ТДП) билдирүүсүн коңшу өлкөнүн бир катар басылмалары жарыялады. Партиянын лидери Саиджафар Усмонзода журналисттерге комментарий берип, президент Жапаровдун сөзүн “чек ара маселесин чечүүдөгү басым” катары баалаган.

Быйыл 28-30-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», – деди Эрбол Султанбаев.

Эрбол Султанбаев Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол дооматты четке какты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деген божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе” деп билдирди.

Ал Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып Садыр Жапаров укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенин белгиледи.

“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият болуп жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, түрк жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында Инандынын жоголушу, андан кийин өлкөдөн тымызын алынып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

Теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: Президент Садыр Жапаров айрым парламентчилерди өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон этиятсыз билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» коомдук бирикмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Райымкуловдун ачык сүйлөгөн сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Б.Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабизге бааны жасалма көтөрүп жаткандыгын айтып айыптаган. Атап айтканда, ал: “Дунгандар бааны жасалма көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору жетиштүү деңгээлде суу алышат, дунгандар ошол жерлерде жашайт, алар бааларды көтөрүп жатышат” деп билдирген.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Ошондуктан Мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде парламентчилерди сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз”, – деп белгиледи Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Меню