Menu

Өмүрбек Текебаев

Элчи Өмүрбек Текебаев "эски досу" Ахматбек Келдибековду сотко берем деп коркутту

Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жаңы пост жазып, анда 6-апрелде Бишкекте өткөн “2010-жылдагы июнь окуялары” боюнча сотто экс-спикер Ахматбек Келдибеков сотко аны айыптап, көрсөтмө бергенине таарынып, эгер Келдибеков ага каршы көрсөмөлөрүн жокко чыгарбаса сотко берерин билдирди:
“Актоо эмес, тактоо.
Тибет монахы «тентек көрүнгөн менен талашат, акылдуу теңи менен талашат, ал эми даанышман өзү менен өзү гана талашат» деген экен.
Мен эми аксакал болдум, көрүнгөн менен талаша бербей даанышман эле болоюн деген чечимге келген элем.
Бирок, ар-намыс, кадыр-барк маселесинде талашпасаң да, тактап коюу зарыл экен.
2023-жылдын 6-апрель күнү «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибеков «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дип.паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшкан», деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат. Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок, ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң” деп эскертип, “чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат.
Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан. Сотто күбө бирөөнү акташ үчүн же каралоо үчүн гана көрсөтмө берет.
«Июнь окуялары» боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, Батыровго тийешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат.
Эгер, Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер, Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет.
P.S.
Төгүндөөнү талап кылган ушундай 3-4 учур бар. Алар жөнүндө да жакында билдирем.”

Кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда кыргыздарды 2023-жылкы кулпунай жана спаржа өстүрүү сезондук жумуштарына тартууга аракет кылууда

Кечээ, 15-ноябрда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан кулпунай жана спаржаны ɵстурʏʏ, чогултуу жана сатуу боюнча «Erdbeerhof Gebesee GmbH» компаниясынын Аткаруучу директору Андреа Лееферс менен жолугушту.
Бул компаниянын аткаруучу директору А.Лееферс 2023-жылы Кыргызстандан жумушчуларды сезондук жумушка тартууга өзүнүн компаниясы кызыкдар экенин билдирди.
Элчи Ө.Ч.Текебаев Германияда Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган компанияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалымат: «Erdbeerhof Gebesee GmbH» – бул кулпунай жана спаржа өстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча адистешкен айыл чарба компаниясы болуп эсептелет. Компания жыл сайын жайында кулпунай жана спаржа чогултуу жана сатуу боюнча жумушчуларды ишке тартат. Сезондук жумуш апрелден июлга чейин созулат.

Өмүрбек Текебаев ИИМде күбө катары сурак берип чыкты

6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу элчинин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан оппозициялык саясатчыларга жана активисттерге каршы “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен козголгон иш боюнча суралды. Элчи тергөөнүн материалдарын жарыялабоо тууралуу кол коюп берген.

Германиядан Кыргызстанга 5-ноябрда келген Өмүрбек Текебаев ИИМге күбө катары сурак бериш үчүн 6-ноябрда жеткирилген. Саясатчы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп быйыл февраль айында дайындалган.

Ички иштер министрлиги сурак тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Видео - Өмүрбек Текебаевдин Кемпир-Абад боюнча позициясы

Былтыр 28-апрелде, элчилик кызматка дайындала элек кезинде, оппозициялык саясатчы болуп турган Өмүрбек Текебаев КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен түзгөн чек ара келишимине кооментарий берип, партиялаштарын жыйнап жыйын өткөргөн.  Анда азыр ызы-чуу болуп жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча да өз позициясын билдирген. Ошол жыйындын ачык булактардагы видеоотчетуна сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

 

 

 

 

 

 

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз жумушчу күчтөрүн Германияга экспорттоого сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

2-августта Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксония федералдык жеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана ири инвестициялык долбоорлору, ошондой эле 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Герман бизнес форуму жана Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин биринчи отуруму тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда системалуу түрдө ишке орноштурууну уюштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири каралды. Герман өнөктөштөрү Бишкек шаарында 2022-жылдын сентябрь айында кол коюуга пландалган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында Саксония федералдык жеринде кыргызстандык адистерди кесиптик даярдоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Германияда жумушка орношуунун шарты катары немец тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруунун маанилүү маселелеринин бири Кыргызстанда адистер үчүн тил үйрөтүү системасын түзүү болуп саналат.

Саксония федералдык жеринин өкүлдөрү да жогоруда аталган Меморандумга кол коюу максатында жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн германиялык делегациянын курамында Кыргызстанга келүүнү пландаштырууда.

Садыр Жапаров Текебаевди сабагандарга бийликтин тиешеси жок экенин айтты

Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына курган маегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу суроого да жооп берди.

Өлкө башчы шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) ызы-чуу басылбай жатканда ага бул окуянын кереги жок экенин айтып, “саясатчыга кол салуунун артында бийлик турат” деген сөздөрдү четке какты.

“Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. “Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, “сен тажаттың” деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп ойлодук эле. Текебаев болсо “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты”, – деген президент.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.

Текебаев өзү бул окуяны “саясий террор” деп, ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды. “Ата Мекен” партиясы лидерине болгон кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айткан.

Эдил Байсалов, вице-премьер: "Өмүрбек Текебаев, сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк, мамлекет кандай абалга кептелгенин"

КР Министрлер кабинетинин вице-премьери Эдил Байсалов өзүнүн facebook социалдык тармагындагы баракчасында атамекенчи Өмүрбек Текебаевди сынга алды:
Текебаевге жооп:
Президенттин Министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден президент эл көрсүн деп популисттик менен силер окшоп иш кылбайт.
Экинчиден керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4 төрдө телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат.
Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт. Негизги министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултат.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасын күн сайын чакырып, ал аркылуу да бир топ тапшырмаларды берип турат.
Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин.
Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок. Негизгиси эл, мамлекет үчүн иш жүрүп жатат. Буйруса, Кыргызстан силердин популисттик кеп-кеңешиңерсиз деле гүлдөгөн мамлекеттердин бирине айланат.
Кыргыз элибиз айкөл, кечиримдүү элбиз да.
Ошол үчүн сиз бүгүн эл аралап талапкер болуп эл алдында сүйлөп жүрөсүз.
Сиз азыр элдин таразасына туруп атасыз. Президент толук мурун болбогондой таза жана айкын шайлоо өткөзүү боюнча тапшырма берди. Эл күбө: эч кымындай административдик ресурс бир да тарапка иштетилбей, кийлигишүү жок эсе! Эл аралык коомчулук да көрүп турат. Бирок, президент жооп бербейт деп эле, аны бир тараптуу каралоого да жол бербейбиз. Түзүлгөн жаңы Өкмөт конституциялык мандатка ээ. Толук кандуу иштеп атат. Конструктивдүү сын айтылсын. Азыркы абалга кимдер жооптуу экенин Элибиз жакшы билет! Акыйнек айтышып, муруңкуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы, биз жоопсуз калтырбайбыз ар кандай асылууларды. Эл чечсин кимдики чын. Шайлоонун максаты ошондо эмеспи!

Асейин Саралаев, "Ата-Мекен" партиясынын экс-мүчөсү: "Садыр Жапаровдун бийлиги Кумтөрдөгү коррупционерлердин беттерин ачкан сыяктуу 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларын да терең иликтеп, күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенем"

Пандоранын кутусунун түйүнү качан чечилет?
Каргашалуу июнь окуялардын болгонуна 11 жыл болду. Алоолонгон өрт, сыздаган жүрөк, төгүлгөн кан, буркураган көз жаш, талкаланган тагдыр, дайынсыз жоголуу, окко учкан өмүр, жанчылган дене…Айтор душманыңа дагы каалабай турган коркунучтуу көрүнүштөр чындыкка айланган азаптуу күндөрдүн өткөнүнө 11 жыл болуптур.
Негедир ушул күнгө чейин 2010-жылдагы июнь коогалаңына акыйкат баа берилбей жатканы өкүндүрөт. Эң күлкүлүүсү июнь коогалаңы жөнүндө сөз чыкса эле ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү уялбай туруп бир ооздон «Бакиевдердер күнөөлүү» деп айткандан артка кайтышпайт… УӨнүн мүчөлөрү үчүн: каза болушкан 446 адамдын каны, жарадар болушкан 2000 ге чукул адамдын азабы менен дайынсыз жоголуп табылбай жаткан 20 дай адамдын убалы жөн гана тамаша сыяктуу кабыл алынып келгендей сезиле берет… Июнь окуясы козголсо эле Роза Отунбаева баш болуп, Текебаеви төш болуп бүдөмүк сырды жашыргандай кайпакташып «кара кутуну» ачпагыла деп коңгуроо кагып киришет.
Азыр июнь окуясын сөз кылсаң эле: «Эмне үчүн 7-апрелди айтпайсыңар. Бакиевдер элдин баарын кырып кетти. Баланча адам өлдү, баланчасы жарадар болду»,- деп каргап-шилеп киришет. Бирок бул жерде көп сырдын түйүнү ошол ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА жаткандай…
Аристотелдин «Пандоранын кутусунун ачылышы маанилүү эмес кутуну чырмаган чынжырдын түйүнүнүн чечилиши маанилүү»,- деп айтканы бар. Азыр 2010-жылдагы ПАНДОРАНЫН КУТУСУНУН ИЧИНДЕ: Курманбек Бакиевдин бийлигин кулатуу үчүн 2006-жылы башталган оппозициянын жашыруун кутумдары, 2007-2009-жылдардагы тузактар, телефон козголоңу, 2010-жылдагы митингдер жана кандуу 7-апрель окуясы, банктагы миллиондогон акчалардын уурдалышы, Бакиевдер бир дагы тыйынын албай өлкөгө калтырып кеткен орусиялык 300 миллион доллардын сыры катылып жаткандай. Бирок ПАНДОРАНЫН кутусунун ачуу үчүн сыртындагы чынжырды чечүү керек. Сыртындагы чынжырдын бекем түйүнү болсо ИЮНЬ ОКУЯСЫ болуп турат…
Эгер Садыр Жапаровдун бийлиги Кумтөр менен коррупционерлердин беттерин ачкан сыяктуу ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН күнөөкөрлөрүн коркпой жазага тартса анда Пандоранын кутусунун ичиндеги болгон азаптуу сырдын баары ачылчудай болуп турат… Июнь окуясынын учугу: ошол эле апрель окуясына, уурдалган акчаларга, мародёрлор менен рейдерлик баскынчыларга, батыш менен Россиянын кутумчуларына, Кадыржандын билинбеген сепаратисттерине чейин алып барып Пандоранын кутусу талкаланат болчу…
Садыр Жапаровдун: «Биздин эки гана принцип бар: ЧЫНДЫК жана АДИЛЕТТҮҮЛҮК»,- деген жакшы сөзү бар. Чындык билинсе адилеттүүлүк өз ордун алат.
Ошол кезде канкор Батыровдордун сепаратисттери менен коюн-колтук алышып БАКИЕВДЕРДИН ата-конуштарын өрттөгөндөр ким эле? Ошол кезде кан ичкич Батыровдун сепаратисттерине өлкө ичинде өлкө түзүүгө кимдер дымак берди эле? Мына ошонун баары ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН түйүндөрүнүн бири эле…
Буюрса ИЮНЬ ОКУЯСЫ кайрадан терең иликтенип чыныгы күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенем.
Бул жерден бир акыйкатты айтып кетким келди. Эгерде 2010-жылдагы 7-апрель төңкөрүшү болбогондо июнь окуясы дагы болмок эмес. Президент Курманбек Бакиев агабыз, көрүндө өкүргүр Батыров сыяктууларды чээнине киргизип коймок…
Пандоранын кутусунун түйүнү чечилсин…
Асейин Саралаев, “Ата-Мекен” партиясынын экс-мүчөсү
Меню