16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Жекшеналиевдин жактоочусу ал Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты.
Ырыс Жекшеналиев сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.
Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн “Медиа Полиси” институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активисттерди, блогерлерди бошотууга чакырды. Билдирүүдө блогерге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, ал “Калайман баш аламандык” беренесине туура келбестигин, билдирүүлөрдө эч кандай башаламандыкка чакыруу болбогонун билдирген. “Медиа Полиси” институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин эске салган.
15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камалганын ырастаган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман баш аламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.
14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.
Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү – 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун кеңсесинен маалымдашты.
Ага ылайык, Абдил Сегизбаев Кылмыш кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Сот ага 4 млн. сомдук айып пул салып, аны төлөгөнгө чейин үй камакта болот.
УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
Сегизбаев атайын кызматты 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал “Белизгейт” окуясы боюнча Жазык “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренесинин негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.
Ал 2021-жылы сентябрда УКМКнын алдындагы ооруканага жаткырылып, анын эмнеси ооруп ооруканага түшкөнү айтылган эмес.
Ошондой эле 2021-жылы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровду кескин сындап чыккан.
Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар.