Menu

Абдулазиз Камилов

Алишер Кадиров: Министр Камиловдун Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Өзбекстанда экономикалык көйгөйлөр башталган

Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов март айында өлкө Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткандан кийин Өзбекстанда экономикалык көйгөйлөр жаралган.

Бул тууралуу “Улуттук кайра жаралуу” (“Миллий тикланиш”) партиясынын лидери Алишер Кадиров Kun.uz сайтына берген маегинде билдирди.

“Абдулазиз Камиловдун ал айткандары Өзбекстандын эң чечкиндүү билдирүүсү болгон. Бирок ал сөздөрдөн кийин бизде бир жумалык экономикалык каатчылык башталган. Өзбекстандын түндүк тараптан океанга чыгуу жолу атайылап бир жумага жабылган. Ушул жөнүндө айтышыбыз керек”, – деди Кадиров.

Экономикалык көз карандылык жөнүндө айткан партия лидери Өзбекстан географиялык жайгашуусунан улам этият болушу керектигин белгиледи.

“Эгер өлкө экспорт кылып, дүйнөлүк базарга чыкпаса эч кандай өнүгүү болбойт. Ооганстандагы тынч эмес абал, биздин ооган коридорун пайдалана албай жатканыбызды – атайылап жасалма түрдө пайда кылынган көйгөй деп эсептейм. Азыр Ирандын Чабахар портун да колдоно албайбыз. Бул эки коридорду ачпай, ар дайым түндүк жолдун зарылдыгын колдогон ким деп ойлойсуз?”, – деди Кадиров.

17-мартта Өзбекстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов парламент Сенатынын жыйынында өлкө Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, ошондой эле өздөрүн Луганск жана Донецк элдик республикалары деп атап алган аймактарды тааныбастыгын айткан.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй Камилов коомчулук алдына чыкпай калган. ТИМ муну министрдин “өнөкөт оорусу” менен түшүндүргөн. Апрелде дипломат 12 жылдан бери иштеп келген кызматынан алынган. Кийин президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана мамлекет башчынын тышкы саясат маселелери боюнча атайын өкүлү кызматтарына дайындалган.

Меню