Menu

Абдулло Гурбати

Тажикстанда журналист Абдулло Гурбати камакка алынды

Тажикстанда журналист жана блогер Абдулло Гурбати 18-июнда эки айга камалды. Бул тууралуу адвокат Абдурахмон Шарипов журналисттин жакындарына билдиргенин “Озоди” радиосу жазды.

Гурбати ушул эле күнү камалган дагы бир журналист жана блогер Далер Имамолинин берүүлөрүн чогуу тартып жүргөн.

Жактоочунун айтымында, Гурбати сот учурунда күнөөсүн мойнуна алган эмес. Тергөөчүлөр журналист жөнүндө “айрым маалыматтар” бар экенин айткандан кийин Шахмансур районунун соту аны камоо тууралуу чечим чыгарган. Тартип коргоо органдары аны ушул эле райондун милиция бөлүмүндө “кызматкерлердин бирине кол көтөргөн” деп айыптап жатат.

Абдулло Гурбати менен Далер Имомалиге байланыштуу сот 18-июндун кечинде өткөн. Бирок ага туугандары жана ЖМК өкүлдөрү катышпай калган. Адвокаттын белгилешинче, соттук териштирүү убактылуу тергөө абагында болору айтылган. Туугандары жана журналисттер келген учурда сот Шохмансур райондук сотунун имаратында өткөнүн, алгачкылардан болуп Далер Имомалинин иши каралганы тууралуу маалымат беришкен.

Эки журналистти 15-июнда Шохмансур районунун прокуратура кызматкерлери кармап кеткен. Абдулло Гурбати “бийлик өкүлүнө күч колдонду” деп айыпталып жатат. Тажикстандын Кылмыш кодексине ылайык бул берене менен соттолгондор айып пул төлөйт же эки жылга эркинен ажыратылат.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) тажик блогерлердин кармалышын айыптап, тез арада бошотууну талап кылды. Аталган уюм 17-июнда тараткан билдирүүдө, журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукталып жатканы, бул Тажикстандын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелери айтылат.

Меню