Menu

Абдыкадыр Орозбеков

"Ата-Бейитте" жок Абдыкадыр Орозбеков - Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

         Сизге түз кайрылууга төмөнкү жагдай мажбурлады. Бир нече жылдан бери 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» болуп калганы жакшы болду.  Дал ушул күнү биз кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүшүнө, өзгөчө салым кошкон улуттун улуу инсандарын эскере турган күн. Азыркы муундар, айрыкча жаштарыбыз бабалар басып өткөн бай тарыхты эскерүү менен катар эгемендүү жана көз карандысыз  мамлекеттүүлүккө кыргыз эли кандай баа менен жеткенин терең билүүсү милдет. Бул күндүн тарбиялык жагы да абдан зор. Дал ушул күнү кылым карыткан кыргыз элинин уюткулуу тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу, элибиздин эркиндиги, эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшү, кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхына ташка тамга баскандай из калтырган Барс-бег, Мухаммед Кыргыз, Атаке бий, Алымбек датка, Ормон хан, Полот хан, Курманжан датка, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков сыяктуу ж.б. чыгаан мамлекеттик ишмерлерибиз эскерилет.

   Улуу муундагы чыгаан инсандарыбызды ар тараптан, калыс изилдеп, алардын атын кийинки муундарга жеткирүү, өмүр таржымалдары жаш муундарга үлгү болушу милдет. Маалым болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» №251-VI токтомунун негизинде бир катар иш чаралар жүргүзүлүп, ошондогу Президентибиз А.Орозбековдун кичи мекенине барып, салтанатту иш чара өткөнү да баарыбызга маалым. Бирок, аткарылбаган иштер да бар.

  Учурда кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын эң ыйык жайы – улууларга урмат-сый катары курулуп, 2000-жылдын 14-июлунда ачылган, Бишкектен 30 чакырым аралыкта Чоң-Таш айылынын жанында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси экендиги талашсыз. Ал жерге сталиндик кызыл террордун жана массалык репрессиялардын курмандыктары болгон 19 улуттун 137 чыгаан инсаны коюлган. Дал ошол жерде 1938-жылы 5,8-ноябрдын түнүндө 137 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Кыргыз элинин Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдарындагы улуттук мамлекеттүүлүктү түптөгөн чыгаандары, кыргыз улуттук интеллигенциясынын каймактары –  Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, Б.Исакеев, М.Салихов, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Х.Жээнбаев ж.б. түбөлүк жайын тапкан. 2008-жылы ал жерге ааламга атагы чыккан, даңктуу да, барктуу да жазуучубуз Ч. Айтматов коюлган.  2010-жылы апрель окуяларында курман болгон жарандардын басымдуу бөлүгү да ушул жерге коюлган. 2016-жылы ал жерге 1916-жылкы кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылынын курмандыктарына арналган эстелик тургузулган. Жогорудагыларды эске алуу менен кийинчерээк «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси болуп кайра өзгөртүлгөн. Мунун баары абдан жакшы, талашсыз факт.

   Бизди, айрыкча мени абдан өкүндүргөнү – ошол 137 адамдын сөөгү коюлуп, аттары жазылган «Ата-Бейитке» кыргыз элинин дагы бир чыгаан уулу, Кеңеш доорунгдагы кыргыз мамлекетинин фундаментин бекемдөөгө өзүнүн зор салымын кошкон, Кыргыз Автономиялуу облусунун, Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитеинин биринчи төрагасы, Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин Баш мыйзамын – Конституциясын  түзүүчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлбаса да, мемориалдык тактага атын жазып коюшпаганы болуп жатат. Негизи бул маселе ошол  “Ата-Бейит” комплекси ачылганда эле коюлган. «Ата-Бейит» мемориалы ачылган салтанатта ошол кездеги дөө-шаалардын бирине: «Эмне үчүн бул жерде А. Орозбековдун аты жазылган эмес?» деген суроо узатсак: «Ал киши бул жерде атылган эмес экен» деген жооп болгон эле. 

    Ооба, ал жерде атылган 137 адамдын арасында ал киши жок. Бирок ошолордой эле, керек болсо алардын көбүнөн аша турган, эли-журтуна, мамлекетине эмгеги сиңген, алардын көбү менен үзөңгүлөш болуп, мамлекеттин тагдырын чечкен маселелерге жигердүү катышып, өз башын канжыгага байлап, эли, мамлекети үчүн жанын берген, ошол коогалаңдуу мезгилдин курмандыгы болгон Абдыкадыр Орозбековдун ысымын дал ошол мемориалдык тактага жазып койсо болот эле деген ойдобуз. Мейли, коюлган жери табылбаса табылбасын. Бирок чыгаан, олуттуу мамлекеттик ишмер катары анын атын дал ошол «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жазуу азыркы муундардын, эгемен Кыргызстандын расмий бийлигинин тарыхый, саясий милдети эле. Тилекке каршы, ал дагы эле аткарыла элек. 

    Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен А.Орозбековго жердеш да, тууган да эмесмин, болгону өз ишине берилген, мекенчил бир жоош момун тарыхчымын. Сиз Президенттикке талапкер болуп жүргөн кезде, Ошто бир жолугушууда, мен сизге ийгилик каалоо менен ошол «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине Абдыкадыр Орозбековдун ысымын жаздыруу сунушу менен кайрылган элем. Жаңылбасам, ошондо Сиз бул маселе сөзсүз эске алынат, ал кишинин аты жазылышы керек – деген кыязда жооп берген элеңиз. Мына эми азыр Сиз Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекет башчыбызсыз. Көптөгөн иштерди аткарып жатасыз, алар талашсыз факт, тарых өзү таразалап алат кийин.  Бирок, “Ата бейитте”  Абдыкадыр Орозбековдун ысымы дагы эле  жок.

    7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» экенин эске алуу менен мен дагы бир жолу Сизге расмий кайрылат элем, кандай жагдай болсо да Абдыкадыр Орозбековдун ысымы  ошол биздин “Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде” жазылышы керек. Мамлекет башчыбыз, улуу инсандарды, элибиздин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын тургузган, бекемдеген инсандарды урматтаган, сыйлаган Президент катары ошол тарыхый адилетсиздикке, кемчилдикке чекит коё деген үмүттөмүн.

     Чындыгында 20-30-жылдары кыргыз элинин чыгаан уулдары өз элинин келечеги, мамлекети үчүн эмгегин, керек болсо өмүрүн аябаган, кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн, партиялык, мамлекеттик чыгаан ишмерлеринин арасында кадырлуу болуп, урматтоо менен «бүткүл кыргыз аксакалы», «биздин аксакал» атка конгон Абдыкадыр Орозбеков да бар. Эгерде А.Орозбеков ошол кездеги элибиздин көрүнүктүү уулдары А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, Т.Айтматов, К.Тыныстанов ж.б. сыяктуу билимдүү болсо, мүмкүн анын тагдыры башкача болуп, эл үчүн үзүрлүү эмгеги башка нукта өтмөк чыгар. Тилекке каршы, өзү айткандай сабатсыздыгын өз алдынча жоюп, болгону Ташкент шаарындагы Орто Азия бюросуна караштуу 3 айлык партиялык, кеңештик курулуш курсун аяктаган. 

   Ошентип, ал жаңыдан түптөлүп келаткан кыргыз мамлекетинин бирден-бир маанилүү жетекчилеринен болуп калган. Мындай пикирге анын мамлекеттик кызматтары күбө:

  • Кыргыз Автономиялуу Облусунун аткаруу комитетинин төрагасы – 1925-1927-жж.;
  • Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1927-1936-жж.;
  • Кыргыз облустук партиялык уюмунун бюросунун жана республикалык партиялык уюмдун Борбордук комитетинин мүчөсү;
  • Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун төрагасы – 1936-1937-жж.;
  • Орусия Федерациясынын Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун мүчөсү;
  • СССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун мүчөсү;
  • Кыргыз АССРинин атынан Кеңештердин Бүткүл Россиялык XIV жана XV чакырылышындагы курултайлардын делегаты;
  • Бүткүл Россиялык БАК мүчөсү, Кеңештердин Бүткүл союздук IV–V чакырылышындагы курултайлардын делегаты;
  • СССР Улуттар Кеңешинин мүчөсү;
  • 1929,1937-жылдары кабыл алынган республикалык Баш мыйзам –Конституцияны иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү болгон.

    1926-жылы 25-февралда түзүлгөн автономиялуу облустан автономиялуу республикага айлантуу боюнча атайын комисияга эки милдет жүктөлгөн:    

  1. Кыргыз АССРинин түзүлгөнү туралуу декларациянын долбоорун. 
  2. Кыргыз АССРнин Конституциясынын долбоорун даярдоо.

     Дал ошол конституциялык комиссиянын төрагасы А.Орозбеков, мүчөлөрү Ж.Абдрахманова, И.Фатьянов, К.Абрамов, Л.Авербуг, Манкиров болгон. Демек, А.Орозбеков алгачкы Конституциябызды даярдап, бекитүүгө зор салым кошкон. Ал эми 1936-37-жж. экинчи Конституциябызды даярдоодо чакан комиссиянын төрагасы болгон, анткени ал убакта анын үстүнөн кызыл террор жана репрессиянын ала булуту айлана баштаган. Мындан башка бир катар коомдук уюмдардын жетекчиси болгон. Көрүнүп тургандай, А. Орозбеков улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу кашкайган чындык.

   Бизди канааттандырбаган жагдайлар: биринчиден, азыркыга чейин анын кайсы жерге, качан коюлганы толук тактала элек. Болгону кээ бир божомол менен чектелүүдөбүз. Экинчиден, анын өлүмү да толук аныктала элек. Кээ бирлери, аны «тергөө учурунда атып салышкан» дешсе, башкалары «тергөөдө катуу токмоктун натыйжасында өлгөн», үчүнчүлөрү «оорудан өлгөн» дешет. Эң негизгиси – Абдыкадыр Орозбеков иш ордунда камакка алынып, дал ошол НКВДнын түрмөсүндө каза болгону шексиз. Үчүнчүдөн, анын саясий-тарыхый бейнеси толук ачылып бүтө элек. Тилекке каршы, эгемен кыргыз мамлекетинин туңгуч президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» аттуу китебинде кеңеш доорундагы бир топ мамлекеттик ишмерлер аталып, бирок А. Орозбековдун аты аталбаганы ар түрдүү жагымсыз пикирди калтырган. Төртүнчүдөн, ошол мамлекет башчыбыздын мамилеси таасир эттиби же башкача бир саясий оюндар жүрүп кеттиби, кантсе да дал ошол 20-30-жылдардагы кызыл террордун курмандыгы болгон, «Ата-Бейит» комплексине коюлган 137 адамдын арасында А.Орозбековдун аты бүгүнкү күнгө чейин жазылбаганы абдан өкүнүчтүү. Бешинчиден, А. Орозбеков жөнүндөгү маселе бир жактуу эмес. Анткени анын ишмердүүлүгүнө, айрыкча жогорку мамлекеттик кызмат абалына жетишкенден баштап анын тарыхый-саясий бейнесине карата ар түрдүү сын-пикирлер, кээде ачык эле тескери, көп учурда анча жымсалданбаган ачык бурмалоо, жалган доомат коштогон мүнөздөмөлөр да берилип келет. Албетте биз тарыхчылар толугу мененн тарыхый чындыкты калыбына келтиребиз деп ишендире алам. Муну айтып жатканым, эгер чындап эле А.Орозбеков ошолор мүнөздөгөндөй чабал болсо, алгачкы кыргыз мамлекетинин башатында анчалык көп убакка – 12 жыл бою турбайт эле да. Демек, ал – ар тараптан колдоого да, коргоого да татыктуу инсан. 

    Биз 2016-жылы – “Тарых жана маданият жылында” ушуга окшогон так эместиктерди, мүчүлүштүктөрдү оңдоого, тастыктоого мүмкүнчүлүк болот деп ойлодук эле. А.Орозбековго карата андай болгон жок. Кеч болсо да 2018-жылы анын 130 жылдык мааракесинде ошол катачылыкты оңдолоор деген үмүттө болдук эле, андай болгон жок. 

    Эми урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиздин колдооңуз менен дал ошол «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине анын ысымы жазылып калар деген зор, илгери үмүтүбүз бар.

    Сизди терең урматтоо менен,

тарых илимдеринин доктору, профессор, 

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 

илимий иштер жана эл аралык байланыштар 

боюнча проректору  Байболот Капарович Абытов

[email protected];  тел. 0552270235

Меню