Menu

Автобус “Исузу”

Ош шаарына япон-өзбек өндүрүшүнөн чыккан 50 даана ISUZU автобусу сатып келинди

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.
Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында мэрия натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү уланта турганын белгиледи.
“Шаардагы коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ош шаарынын мэриясы ички жана сырткы инвесторлор менен ыңгайлуу шарттардагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында тиешелүү жумуштарды такай жүргүзүп келет. “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен алып барылган жумуштардын натыйжасында шаарыбызга Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 бирдик автобус сатып алынып келинди.
Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алынып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен, эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү”, – деди калаа башчы.
Белгилей кетсек, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.
Жаңы коомдук транспортторго да “BUS Service” мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Бишкекте өзбек өндүрүшүнөн чыккан автобустар жүрө баштады

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 22-июнда, журналисттерге берген маегинде борбор калаага Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус келгенин кабарлады.

Анын маалыматына караганда, бул автобустар 22-июндан тартып 1-июлга чейин элди бекер ташыйт.

“Автобустар шаардагы беш линияга кирип жатат. Элди көндүрүү максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу бекер ташып турат”, – деди Кудайбергенов.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын “Самарканд-авто” заводу менен “Исузу” маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери күтүлүүдө.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу иштейт. Мындан сырткары жеке фирмалардын 20га жакын автобусу эл ташыйт.

Расмий маалыматка ылайык, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Бишкекке кеминде миңге жакын автобус керек.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси – 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы – 8 сом.

Меню