Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-августунда “Чон-Капка-Унаажолу” өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны “Н.С.” жана Казакстан Республикасынын жарандары “С.Т.” жана “М.Х.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камака алынышты.
Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле КРӨ алдындагы МККнын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда.