Menu

Автокырсык

25 жаштагы кызды автоунаасы менен сүзө өлтүрүп, качып кеткен жигит, абакка өзүнүн ордуна майып атасын каматкан

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан коомдук резонанс жараткан Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын курсанты, 1998-жылы туулган Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалды. Ал окуя болгон учурда “Тойота Ранекс” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Эске салсак, Бишкек ШИИБи тарабынан аталган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурда шектүү У.Э.Н.нын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын ооруусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган.

Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги жана ошону менен уулу У.Э.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

Сот адилеттигинен качуу максатын көздөп, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана бардык тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.

Бишкек – Ош жолунда оор жүк ташуучу "VOLVO" автоунаасы менен "LEXUS" 470 үлгүсүндөгү джип кагылышып, 2 адам көз жумду

Бүгүн, 23-июнда Бишкек – Ош автоунаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, “VOLVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “LEXUS” 470 үлгүсүндөгү джип автоунаасы кагылышкан. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.
Кырсык болгон жерге Токтогул райондук ӨККБнөн 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандар чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда тактоо иштери уланууда.

ТИМ: Санкт-Петербургда кыргыз жаранын сүзүп, качып кеткен айдоочу камакка алынды

Жалпыга маалымдоо каражаттарына «Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетип каза болду, кылмышкер уурулук фактысын айтып, унааны өрттөп жиберген» деп жарыяланган маалымат боюнча Министрлик төмөнкүдөй маалымдайт.
2022-жылдын 16-июнь күнү Россия Федерациясынын Ленинград облусунун Всеволожск шаарында 1980-жылы төрөлгөн айдоочу Е.Р.С Кыргыз Республикасынын жаранын О.А.Д.ны сүзүп, андан соң жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү О.А.Д. алган жараатынан окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда айдоочуга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 4-бөлүгүнүн «б» пункту менен кылмыш иши козголуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Бул маселе Санкт-Петербург шаарындагы Элчиликтин кеңсесинин (бөлүмүнүн) өзгөчө көзөмөлүндө болуп, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн репатриациялоого керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

ИИМ: “Бишкек-Торугарт” автожолундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү милициянын кызматкери камакка алынды

11-июнь күнү саат 20:30 да Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда “Бишкек-Торугарт” автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышкан деген маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБнүн электрондук маалымат журналына катталган. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына кабылган автоунаалар токтотуучу жайга киргизилген.
“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон.
Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер”  үлгүсүндөгү  автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан.  Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. аттуу кыздар болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.

Талас-Тараз-Суусамыр жолундагы түнкү кырсыкта 7 адам каза болду

Кечээ, 15-октябрь күнү болжол менен саат 22.30 чамасында 40 жаштагы Т.Ч. өзүнө таандык болгон “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен “Талас-Тараз-Суусамыр” унаа жолунда чыгыш багытта бара жатып 61-чакрымдан, алдын ала маалыматтарга ылайык карама-каршы тилкеге чыгуу менен 31 жаштагы А.Н. башкаруусундагы “Дав” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагылышып жол кырсыгына учураган.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Хонда” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү 60 жаштагы Т.З., 12жаштагы Ч.А., 26 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Н.М., 28 жаштагы Р.А., 51 жаштагы Ш.З. жана 58 жаштагы Т.З. кырсык болгон жерден каза болгон.
Маалыматтарга ылайык “Хонда” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу эл ташуу менен алектенчү, каргаша болгон күнү ал түнкү убакытка карабастан болжол менен саат 22.00 чамасына эл чогултуп, Бишкек шаарын көздөй жөнөгөн.
Кырсык болгон жерге Талас райондук ИИБнын ыкчам тергөө тобу чыккан, жол кырсыгы КЖБР катталып баардык чогултулган иш кагаздары Талас райондук ИИБы боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө башталды.

Меню