Menu

Автомобилдик катализаторлор

Мурда пайдаланылган катализаторлорду ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынды.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

– Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду;

– ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын;

– ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Видео - УКМК: Автомобилдик катализаторлорду өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү аракетине бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК, экономикалык контрабанда фактысы боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, баалуу металлдарды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлүүдө.

2021-жылдын 18-июлунда, бажы органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, баалуу металлдарды (платина, палладий, родий) алуу үчүн, “Манас” эл аралык аэропортунан Европа өлкөлөрүнө жалпы салмагы 1 тоннадан ашык автоунаалардын катализаторлорун мыйзамсыз экспорттоого аракет кылып жаткан жүк кармалды.

Мындан тышкары, буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, андан кийин Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасын аныктап, бөгөт коюлган:

  • 2021-жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоого аракет кылып жатканда, салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалган;
  • 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуу жана сатып алуу боюнча 12 пункттун иши токтотулду, анда чет жакка жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынган.

Милдеттүү техникалык кароо жоюлгандан кийин, автомобилдик катализаторлорду сатуу үчүн техникалык тейлөө станцияларында массалык түрдө аларды алып салуу тенденциясы өсүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда, катализаторлордо баалуу металлдар бар жана аларды Европага сатуу чоң киреше алып келет. Бирок, катализаторсуз унаадагы колдонулган газдар адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө бир нече коркунуч алып келет, себеби топуракка оор металлдар, кычкылдануу жана күйүү продуктулары кирет, ал эми түтүн  бөлүкчөлөрү уулуу затты пайда кылат, бул экологиялык кырдаалга терс таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын УКМК автомобиль катализаторлорунун көзөмөлсүз сатып алуунун жана экспорттоонун алдын алууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин улантууда.

Азыркы учурда тиешелүү органдар автомобиль катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселесин карап жатышат.

Меню