Menu

Адамга кол салуу

Ысык-Ата районунда чет элдик жаранга бычак менен кол салган жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБке 2022-жылдын 3-сентябрь күнү аймактык ооруканага Россия мамлкетинин жараны 1998-жылы туулган А.В.  денесине бычак менен келтирилген жаракат алып түшкөнү боюнча маалымат келген. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышты 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталып, ал адам ошол окуя болгон күнү эле Казахстан Республикасына чыгып кеткени такталган. Издөө салынып, бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган.
Ыкчам издөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү А.А. жүргөн жери такталып, ал кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

Меню