Menu

Адам урдоо

УКМК: "Манас" аэропортунан Түркиянын “С.Д.” аттуу жаранын уурдап, $3 млн талап кылышкандар кармалды

КР УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Түркия Республикасынын жараны “С.Д.” аттуу чет элдик ишкерди уурдоо боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин тергөө учурунда, 3 млн АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, бул иштин арасында КР ИИМ кызматкерлери, биздин жарандар жана чет элдик жарадар да бар.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, уурдоонун уюштуруучусу “А.Б.” аттуу жаран – аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды.

Аталган “С.Д.” Кыргыз Республикасына үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген. “Манас” аэропортунан ал С.Д. документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.

Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) “А.Б.”нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, “С.Д.”ны кое беришип, (жасалма түрдө) “А.Б.”ны барымта катары алып калышкан.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б.” жана Чүй облусунун ИИББнин “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы “П.Т.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Меню