Menu

Адам уурдоо

ИИМ милиционерге бычак такап, колуна кишен салып, камактан качып чыккан Кушубек Сабыровго издөө жарыялады

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 5-июнга караган түндө, саат 1ден өткөндө Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен адам тууралуу маалымат берди.

Анда 1994-жылы туулган Кушубек Сабыровго издөө жарыяланганы, ага “адам өлтүрүү” өңдүү бир катар оор беренелер менен кылмыш иши козголгону, мурда соттолгону айтылат.

“Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-майда күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып нөөмөткер-милиция кызматкерлерине кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Ошол маалда Сабыров жүрөгү ооруганын, дары берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматкери дары алып келген учурда Сабыров ага бычак такап, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткен”,- деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, аны издөө уланып жатат.

УКМК: Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК жана Өзбекстан Республикасынын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагынан кармалып, Өзбекстан Республикасынын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны КР УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкен туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.  

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.     

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Адам уурдап, ээн жерге алып чыгып сабап, акчаларын тоноп жүрүшкөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш чараларын алкагында  адам уурдоого шектүү кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жургүзүлдү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз кишилер 28-жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “Тойота” үлгусүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кетишкен.  Алар күч колдонуу
менен  жабырлануучуун коркутуп акча талап кылышып ишкерден 50.000 сом өлчөмдөгү  акча каражаттын тартып алышкан. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну коё
беришкен.

Жогорудагы факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын кылмыштарынын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин “Адам уурдоо” 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. 4-май күнү Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгнын кызматкерлери  ИИМдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте  кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо  жүргүзүлдү.

Атайын иш чаранын жүрүшүндө адам уурдоого катышкан шектүүлөр Ысык-Көл облусунда  1995-жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас  облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М.
жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. кармалды.

ИИМдин КИББнын маалыматтына ылайык кармалгандардын арасынан экөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.
Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү  учурунда Макаров тапанчасынын базасында  жазалган травматикалык тапанча, 3-даана бычак, ошондой эле «Toyota», «Volkswagen Golf III», «Volkswagen Passat», «BMW 525» транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана  эки мамлекеттик номердик белги табылып алынды. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК: Түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу КР жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте “С.Д.” аттуу түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда издөөдө жүргөн түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири, 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу КР жараны кармалды. 

Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган КР жараны Матраимов Болот издөөдөгө алынып, ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “С.Д.” уурдоого түрк тектүү Кыргыз Республикасынын 1976-жылы туулган жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

2022-жылдын 25-январында мурда кармалган «Ж.Б.» карата Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.

КР УКМК жарандарды издөөдө жүргөн адамдар тууралуу маалымат болсо 031260585, 0312660475, 0312626504 жана «102» номурларына билдирүүнү өтүнөт.

УКМК: Адамды анын эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча 4 жаран кармалып, абакка киргизилди

КР УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР “М.А.” аттуу жараны аныкталып бошотулду, ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.А.” иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.

2022-жылдын 17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин пресс-конференциясына катышуу менен чектелишти.

Ошол эле учурда арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январынын кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында “А.М.”, “М.К.”, “Р.И.” жана “А.Я.” кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Тергөө иштери уланууда.

УКМК: Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамды уурдоо) каралган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана Чүй облусунун ИИБнын «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары “П.Т.” кармалып, 2 айга КР УКМК тергөө камак жайына камалышкан.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

Меню