Menu

Адилет Балтабай

Активист Адилет Балтабай 5 жылга соттолду

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-ноябрда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке байланыштуу өкүмүн чыгарды.

Ага ылайык, Балтабай 278-берененин (“Жапырт башаламандык”) негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулду.

Бүгүн айыпталуучуга акыркы сөз берилди.

1-ноябрдагы сотто мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүүлөрүндө “мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар” экенин айткан. Ал жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген.

Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке кагууда. Жактоочусу активисттин аракетинде кылмыштын курамы жоктугун, мындан улам ал акталышы керектигин белгилеп келет.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн. Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштардын алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайды абакта калтырды

22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин активистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, анын адвокаты сотко арыз менен кайрылган.

Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Адилет Балтабай буга чейин журналисттерге комментарий берип, ага эки берене “бийликке баш ийбөө” жана “жарандарга зордук-зомбулук көрсөттүү” менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген.

Активист акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкектеги казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктабоого чакырып келатат.

Меню