Menu

Азамат Аспеков

Камактагы Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков алдамчылыкка шек саналып кармалды

Бишкектин Свердлов райондук милициясы 10-апрелде президент менен байланышы бар экенин айткан адам алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди. Анын сүрөтүн да таратты.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү президент менен түздөн-түз байланышы бар экенин айтканын, башкалаадагы “Сары-Өзөн” базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып 44 миң доллар алганын, бирок качып жүргөнүн маалымдаган.

Факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал камактагы активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экени белгилүү болду. Эжеси “Азаттыкка” иниси кармалганын ырастады, андан башка маалымат берген жок.

Анын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Активист муну куугунтук деп баалаган.

Былтыр августта Аспековдун жүрөгүнө “Бикард” менчик клиникасында операция жасалганы кабарланган.

Меню