Menu

Азат Узаков

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагынына чыкканын ырастады. Анда судья ага карата козголгон кылмыш ишиндеги беренени жеңилдетип, “коррупцияны” “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга” алмаштырганы айтылат.

“Айыпталуучунун такай жашаган жери жана жаш балдары бар. Тек-жайы документтер менен такталган. Мындан улам анын бөгөт чарасы эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөрдү”,-деп айтылат сот берген маалыматта.

Азат Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип ушул жылдын башында, 19-февралда кармалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган деп билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, “Г.П.С.” ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени жазылган.

Узаковдун жакындары, адвокаттары ага карата козголгон кылмыш иши, кармалышы тууралуу комментарий берген эмес.

УКМК Бишкектин вице-мэри Азат Узаковду коррупциялык кылмыштарга айыптап камакка алды

УКМК КР мектептерди курууда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу иштеринин жүрүшүндө коррупциялык схеманын болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин тергелип жатат.

Мектептердин жетишсиздиги көп жылдардан бери актуалдуу көйгөй болуп келгенине карабастан, жетекчилер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө атайылап коркунуч келтирип, ошондой эле билим алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылышкан.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган.

Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С. мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жен учунан сүйлөшүп алып, Г.П.С. ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды.

Такталган боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.

Тактап айтканда мектептин иш жүзүндө, жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С., «Г.П.С.» ЖЧКнын башкы директору Т.Г.Т. жана КР Мамкурулуш Турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж. кармалып, КР УКМК ТКЖ УКЖ киргизилишти.

Ушундай эле текшерүү иш-чаралары мамлекеттин бюджетинен, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүүдө.

 

Меню