Menu

Азиз Аалиев

Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды

Аалиев Азиз Кубанычбекович Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту.

Азиз Аалиев Терхи Хакаланы Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктады жана биргелешкен аракеттер аркылуу кыргыз-европа мамилелери саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары карай өнүгөөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Терхи Хакала маалымдагандай, Европа Биримдигинин өлкөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл багыттарда Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Азиз Аалиев белгилегендей, кыргыз тарап жакын арада кол коюлчу Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимге өзгөчө маани берет.

Мындан тышкары, Терхи Хакала билдиргендей, европа тарап Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-ноябрына пландаштырылган «Европа Биримдиги – Борбор Азия» Биринчи экономикалык форумунун өткөрүлүшүн колдойт.

«Иш-чаранын денгээлин, ошондой эле Борбор Азия менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшү үчүн анын маанилүүлүгүн эске алуу менен дардык иштери жогорку денгээлде жүрүүдө. Кыргыз Республикасы аталган форумга чоң маани берет», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Тараптар ошондой эле биздин өлкөдөгү жашыл экономиканы алга жылдыруу маселесин талкуулады. Европа тарап Кыргыз Республикасынын аймактарын туруктуу өнүктүрүү максатында аталган демилгени колдоого алууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттешүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашуу орун алды.

Азиз Аалиев КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Меню