Menu

Азиз Мурадиллаев

Некролог – Азиз Мурадиллаев

Кыргыз театры жана кино искусствосу оор жоготууга учурады. 44 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Азиз Мурадиллаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1994-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Москва шаарындагы М.С. Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.
2001-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында артист болуп эмгектенип келген.
Азиз Мурадиллаев Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.
Азиз Мурадиллаев кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б. Мольердин “Анткор оорулуу” спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин “Дарак түбүндөгү махабат” спектаклинде Эбиндин, У. Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан сындуу бир топ образдарын жогорку деңгээлде жараткан.
Акыркы жылдары Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектаклиндеги Сабитжандын, Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклиндеги Омордун, М. Ауэзовдун “Эңлик-Кебек” спектаклинде Кеңгирбайдын, Ж. Садыковдун “Төлгө” спектаклинде Ысмайылдын ролун аткарган.
Ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин театрдын сахнасынан түшкөн жок. Театр эле эмес, кинодо да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң этаптуусу жана элдин эсинде калганы Садык Шер-Нияз режиссерлук кылган “Курманжан Датка” тасмасындагы Алымбек Датканын образы болуп калды. Мындан сырткары, “Чиркин өмүр” сериалында Эркиндин, “Апамдын махабаты” сериалында Бакыттын, “Кара кыз” тасмасында Темирдин, “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2” тасмаларында күйөө баланын ролун аткарган.
Таланттуу актер Азиз Мурадиллаевдин көп жылдык эмгеги бааланып, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2015-жылы эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгы, ал эми 2018-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.
Мындай ташкындаган таланттын артында атасы актёр Үсөн Мурадиллаев, апасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондугу таасир берип, алардын жолун жолдоп, оору менен алышып жаткан учурда да театрда эмгектенди.
Сахна жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс талант Азиз Мурадиллаевдин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Джунушалиев, А.А. Максутов, У.Э. Мамбетакунов, С.А. Раев, К.О. Иманалиев, М.С. Шаршенбаев, Г.С. Базаров, Т.Т. Казаков, С. Шер-Нияз, Н.И. Мамбетова, Г.К. Каниметова, З.М. Сооронбаев, М.М. Мусаев, Ж.О. Кулманбетов, А.А. Өзүбеков, К. Абылов, Т. Абдразаева, Ш. Алсеитова, А.М. Истамбаев, К.А. Осмонов, С.В. Бардаков, А. Болгонбаев, Ш. Шейшенов ж.б.
Меню