Menu

Азимбек Бекназаров

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык жарыялагандар тууралуу маалымат берди

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы “дурус” экенин билдирди. Алар – Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек.

ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.

“Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алганын билдирген. Борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков беш киши ачкачылык кармоону улантып жатканын, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышканын айткан.

Камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп жатышканына нааразылык иретинде 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы белгилүү болгон. Абактагылар “басымды токтотууну” талап кылышкан.

Буга чейин ЖАК айып изоляторуна үч күн мурда киргизилген Атай Бейшенбек ал жактан 21-майда чыгарылганын маалымдаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган. Кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 10дон ашыгы абакта отурат.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Азимбек Бекназаров ага каршы 12 кылмыш иши козголгонун билдирди

15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга – 20-апрелге чейин узартты.

Бекназаров сот залынан чыгып баратып ага каршы 12 кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Ал эмне иштер экенин билбейм, мага таанышууга мүмкүндүк беришкен жок. Болгону 12 иш экенин айтышты”, – деди Бекназаров.

Адвокат Эркин Булекбаев Бекназаровго каршы 11 кылмыш иши козголгонун билдирип, бирок кандай айыптар тыгылып жатканын билбей турганын айтты.

Сот 15-февралдагы отурумунда Акыл Айтбаев менен Бектур Асановдун да камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартты. Булар үчөө тең “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталууда.

Буга чейин аталган соттун чечими менен жарандык активист Али Шабдан менен саясатчы Равшан Жээнбековдун камак мөөнөтү эки айга узартылган. Жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга үй камагына чыккан.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Садыр Жапаров: "Алтын жеген болсок, Теңгиз Бөлтүрүктү камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жибербейт белек. Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү"

Gрезидент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

– Азимбек Бекназаров: “Теңгиз Бөлтүрүктү жөн эле саясат үчүн камап койду. Алтынды чогуу жешкен. Мына Бөлтүрүк күнөөлүү экен демиш болуп, кайра эле жакында чыгарып коет”,- деп айткан эле. Буга кандай жооп бересиз?

– Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү. Алтын жеген болсок, камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан “мына, качып кетти, алтын жептир” деп койбойт белек. Анын тескерисинче, “качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин” деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ тарабынан жалпысы 15тей тергөөчүдөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай. Себеби, ал – элдин байлыгы да. Андан кийин анан көрөбүз.

Булак: Kabar

Кемпир-Абад маселеси боюнча Азимбек Бекназаров суракка чакырылды

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары “чындыкка дал келбейт” деди.

Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

УКМК төрагасы ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп бере турган болду.

Ушул тапта президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатышат. Жыйынга жарандык активисттер, чек арадагы айылдардын тургундары чакырылганы кабарланган.

Жыйын жабык өтүп жатат. Айрым активисттер жыйын түз ободо көрсөтүлүүсүн талап кылышты.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кармалды

Бүгүн, 14-сентябрда КР ички иштер министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кармалды.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы буга байланыштуу төмөнкү мазмундагы билдирүү таратты:

ИИМдин Тергөө кызматы  тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.
Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Ага чейин социалдык тармактарда “Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров алтын казуучу кытай ишканасынын жетекчилеринен 1,5 миллион доллар акчаны опузалап талап кылууда” деген мазмундагы видеоматериал тараган.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан өз ишин жөндүү аткара албагандыгы үчүн бошотулду

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Генпрокуратура Р.Отунбаева, А.Атамбаев, А.Бекназаров, И.Исаков баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкүн камакка ала баштады

КР Генералдык прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы  2010-жылдагы июнь коогалаңына жана андагы массалык адам өлтүрүүлөргө  жол берген шалаакылыктары  үчүн ошол кездеги Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөөдө.

“Кактус” басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары билдиргендей, Генпрокуратуранын Тергөө башкармалыгынын  тергөөчүсү КР Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынан төмөндөгү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкү тууралу маалымат талап кылган:

  • Роза Отунбаева;
  • Алмазбек Атамбаев;
  • Азимбек Бекназаров;
  • Исмаил Исаков;
  • Бактыбек Алымбеков;
  • Бектур Асанов;
  • Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • Байтемир Ибраев;
  • Кубатбек Байболов.

Тергөөчү жогоруда аталган кылмыш иштери боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкүн азыр эле камакка алып, соттон кийин ал мүлктөрдү мамлекеттин эсебине конфискациялоо максатын көздөйт.

КР Генпрокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесине жазган катынын көчүрмөсү.

Адилет Айтикеев, активист: "Азимбек Бекназаровду да Элчилик кызматтан бошотуп, 7-апрелде кармап кайра коё берген снайперлер үчүн, кримчөйрөдөн алган "откаттары" үчүн жоопко тартыш керек"

“Азимбек Бекназародун өзүн Элчилик кызматтан алып, 7-апрелден кийин кармап кайра коё берген снайперлер үчүн, телефондон Темир Сариев менен сүйлөшкөн миллиондор үчүн, 2005-жылы 6 ай Баш прокурор болуп турганда коррупционерлерден, крим чөйрөнүн анабашыларынан алган “откаттары” үчүн жоопко тартыш керек. Элчи деген өз кызматын аткарып, ары бери иштерге комментарий бербей, мамлекеттик кызматкердин, дипломатиянын этикасын сактап, тынч отурушу керек. Өзү периште бекен?”, – деп билдирди бүгүн, 3-августта мурунку Убактылуу өкмөтчүлөр Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин соттотобуз деп куугунтуктаганынан улам 2016-жылы өлкөдөн чыгып кетип, АКШда баш калкалап калган оппозициячыл журналист Адилет Айтикеев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, мурунку Убактылуу өкмөтчү Азимбек Бекназаровдун экс-президент Аскар Акаевди сындаган комментарийине жооп кылып.

Меню