Menu

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтейт

Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү менен “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму Атайын прокуратурага жана Жаза аткаруу кызматына сентябрь айынын башында кайрылган. Уюм “Жаза аткаруу кызматы бул ишти тергөөдө өзүнүн карамагындагы кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрө албайт” деген жүйө келтирген.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча 1-сентябрдан тартып тергей баштаган. Аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова адвокаттардын “2-3 киши суралбай калды” деген өтүнүчү эске алынып, жаңы жагдай боюнча тергөө башталганын кабарлаган.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн.

Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушкан учурда Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.

Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген.

Азимжан Аскаровдун иши кайра тергелет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылы түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз тарап 6-сентябрда Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда билдирди.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгону, “калыс жана ачык тергөө зарыл” экени айтылган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Брюсселдеги жыйынга министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация катышканын кабарлады. Анда адам укуктарынын абалы, анын ичинде COVID-19 пандемиясында, укук коргоо жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, жарандык коом, аялдардын жана балдардын укуктары, басмырлоого каршы күрөш маселелери козголду.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталган. Бирок кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келүүдө.

Меню