Menu

Аида Касымалиева

Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырды

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырды.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө контекстинде өлкөнүн БУУдагы приоритеттери тууралуу маалымат берди. А.Касымалиева ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттары жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан 2022-жылды “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялангандыгы, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” аттуу резолюцияны кабыл алгандыгы жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдыдагы 77-чи сессиясынын алкагында “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттери” деген жаңы резолюциянын долбоорун сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын демилгеси тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын Туруктуу өкүлү А.Касымалиеваны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады. Ал ошондой эле Президент С.Н.Жапаровго жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу ырахат менен келгенин жана Кыргызстандын элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин белгиледи. Бул контекстте БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Касымалиева Аида Камчыбековна Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Вице-спикер Аида Касымалиева жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева эки өлкөнүн ишкер аялдарынын жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты

Бүгүн, 16-июнда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумуна катышуусунун алкагында анын Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен жолугушуусу өттү. Жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын аялдар жана гендердик теңчилик боюнча комитетинин төрайымы Малика Кадырханова жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова да катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо тармагында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер аялдарынын ортосунда өз ара байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүнүн жогорку динамикасын баса белгиледи. 2021-жылдын 15-июнунда Ташкент шаарында өткөн «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» Эл аралык бизнес форумун жогорку деңгээлде уюштургандыгын өзгөчө белгилеп, бул иш-чаранын жыйынтыгында жемиштүү натыйжаларга жетүүгө үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, ал «Борбордук Азия аялдар лигасынын» кийинки форумун ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү пландарын маалымдады. Ушуга байланыштуу, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаеваны аталган иш-чарага катышууга чакырды.

Өз кезегинде «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ошондой эле эки мамлекеттин лидер аялдарынын жана ишкер аялдарынын бизнес-ассоциацияларынын өз ара байланышын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ушундан улам, ал ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү чараларды камтыган жол картасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын жолугушуусун уюштурууга Танзила Нарбаеванын жеке көмөктөшүүсүнө үмүтүн билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева өз кезегинде эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү байланыштарын баса белгилеп, ушул жылы анын Кыргызстанга иш сапары пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Мындан аркы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун алкагында ал кыргыз тарапты 2021-жылдын октябрь айында Өзбекстан Республикасында боло турган президенттик шайлоого катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин аялдарынын ортосундагы байланыштарды орнотууга жана чыңдоого, айрыкча бизнес чөйрөсүндө, алардын түз байланыштарына ар тараптуу көмөктөшүүгө, ошондой эле аялдардын ишкердүүлүгү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган иш-чаралар жана бизнес форумдарга өз ара активдүү катышууга макулдашышты.

Ошондой эле, Ташкент шаарында өткөн Эл аралык бизнес форумунун ишин улантуу максатында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ар кайсы тармактарындагы аял лидерлери катышкан «Борбордук Азия аялдар лигасынын» Үчүнчү форумун өткөрүү макулдашылды. Бул форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын колдоосу менен «Борбор Азиядагы аялдар лигасы» коомдук фонду тарабынан уюштурулат.

Фото - Ташкентте «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форуму ачылды

Бүгүн, 15-июнда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Ошондой эле, иш-чарага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин Төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашышып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын «Жол картасын» кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Меню