Menu

Айбек Молдогазиев

Айбек Молдогазиев КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жаңы орун басары Молдогазиев Айбек Бейшеевичти Министрликтин Борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

Молдогазиев А.Б. 1995-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси” дипломатиялык рангы бар, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин  дипломатиялык баскычтарынын баарын өттү.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

2017-жылдын августунан баштап Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө Кеңешчи – кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  юридикалык бөлүмүнүн башчысы  болуп иштеген.

2022-жылдын 10-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Меню