Menu

Айдаркен сымап комбинаты

Кадамжай районундагы сымап жана сурма комбинаттарында 2000дей жумуш ордун түзүү пландалууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда – Айдаркен сымап жана Кадамжай сурма коминаттарын инвестициялоо дээрлик 2000 жумуш ордун түзүүгө жардам берет.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул тууралуу Садыр Жапаров 28-августта аталган эки өнөр жай ишканасына барган учурда айтылды.

Маалыматка караганда, Айдаркен сымап комбинаты менен Кадамжай сурма комбинатына инвестициялоого жана алтын кенин иштетүүгө ниеттенип жаткан “Дуваташ” компаниясы менен келишимге жетишилген.

Инвестор комбинаттардын өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга даяр. Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.

Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатат.

Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен сүлөшүп, суроолоруна жооп берди. Жумушчулар мамлекет башчысынан мектеп куруу, суу менен камсыздоо, пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү сурашты.

Кадамжай сурма комбинаты 75 жыл мурун ачылган жана убагында өз тармагында дүйнөдөгү алдынкы ишканалардын бири болгон. 1967-жылы комбинатта өндүрүлгөн сурма Лондон эл аралык биржасында эң мыкты деп табылган.

Меню