Menu

Айза Улан кызы

25 жаштагы кызды автоунаасы менен сүзө өлтүрүп, качып кеткен жигит, абакка өзүнүн ордуна майып атасын каматкан

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан коомдук резонанс жараткан Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын курсанты, 1998-жылы туулган Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалды. Ал окуя болгон учурда “Тойота Ранекс” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Эске салсак, Бишкек ШИИБи тарабынан аталган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурда шектүү У.Э.Н.нын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын ооруусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган.

Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги жана ошону менен уулу У.Э.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

Сот адилеттигинен качуу максатын көздөп, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана бардык тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.

Меню