Menu

Айсулуу Сулайманова

Видео - Оор кылмыштарга шектелген экс-министр Нурлан Сулаймановдун балдары Жылдыз, Элдар жана Айсулуу Сулаймановдордун көмүскө бизнестеринин бети ачылды

2010-жылы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качып кетип, коррупциялык оор кылмыштар боюнча издөө жарыялангандардын сап башында ошол кездеги транспорт министри Нурлан Сулайманов болгон. Чет жерлерде бозуп жүрүп, 2010-жылы парламенттик шайлоодо дагы бир коррупциялык кылмыштарга шектелген Ахматбек Келдибековдун жардамы менен “Ата-Журт” партиясынын тизмесине кирип алып, Кыргызстанда депутат катары пайда болгон.

Бирок депутат экендигине карабай 2012-жылы кылмыш иши козголуп, эми камаларда кайрадан безип-качып жоголгон.

2016-жылы Алмаз Атамбаевдин “шоопуру” Икрамжан Илмияновдун жардамы аркылуу ал кездеги президенттин алкымынын жолун таап, берчүсүн берип, кусчусун кусуп, кылмыш ишин жаптырып алып, ууру кишидей алаңдап эл аралап басып калган.

Temirov Live KG каналынын иликтөөчү журналисттери экс-министр Нурлан Сулаймановдун жана анын балдары Жылдыз, Элдар жана Айсулуу Сулаймановдордун көмүскө бизнестеринин бети ачып, иликтеп чыгышкан. Сиздерге Temirov Live KG каналынын илктөөсүн сунуштайбыз.

Видео: Temirov Live KG каналыныкы

Меню