Menu

Айсулуу Тыныбекова

Ислам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алышты

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңип алган.

Алдыда күрөштүн бул түрүнөн 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Ислам Шериктештиги Оюндарында экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.

V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. Акматалиев менен Тыныбекованын байгесин кошкондо учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Улукбек Марипов: Айсулуу алган «күмүш» алтынга тете

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.

«Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!», – деди Улукбек Марипов.

Ал белгилегендей, Олимпиадалык оюндар атамекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.

Токиодо дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта Токио Олимпиада оюндарынын таймашуулары курч мүнөздө улантылып жатат.  Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган балбан кызыбыз, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Токиодон олмпиадалык делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. Айсулуу  62 килгограмм салмакта алгачкы атаандашы, латвиялык,  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Азия жана дүйнө чемпиону  Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инже менен күрөшүп,аны дагы мөөнөтүнөн мурда далысын килемге таза тийгизип, чеберчилигин көрсөтүү менен   утуп алды. Ошентип Айсулуу жарым финалга чыкты. Жарым финалда украиналык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Ирина Коляденко менен күрөшөт. Айсулуу бул атаандашын 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында утуп алган.

Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта эл аралык спорт чебери, Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азизбеков мелдешти баштап, венгриялык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, 31 жаштагы Виктор Леринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Леринц финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн талапкерлердин таймашында күч сынашат.

3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 клограмм салмакта Мээрим Жуманазарова  коло байге үчүн талапкерлердин таймашында азербайжандык, Европа чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси 25 жаштагы Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал кечинде коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чепиону балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта  коло байге үчүн талапкерлердин беттешинде финляндиялык, жаштар арасында дүйнө чемпиону, 22 жаштагы Арви Мартин Совалайненге жеңилди.

Бүгүн, 3-августта кечинде кыргызстандык күйөрмүандардын үмүтүн жандырып турган Азия чемпиону, уландар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Акжолдун финалдагы атаандашы Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Европанын беш жолку чемпиону, венгриялык Таман Леринц  болуп саналат. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15тен өткөндө башталат.

Ошондой эле 3-августта жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да  5000 метр аралыкка жарым финалда чуркап, мөрөй талашат. Элүүдөн ашуун күлүктөн 15и тандалып, финалдык жарыштары 6-августта болмокчу.

Балбандарды жана жөө күлүктү сүрөөнгө алып, колдоп туралы.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Меню