Menu

Акжол Махмудов

Балбан Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду

Казакстандын борбору Астана шаарында кечээ, 9-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңүүчү болду.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдиевди 9:0, жарым финалда жапониялык Кодаи Сакурабаны 9:1 эсебинде жеңди. Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.

24 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп аталмакчы. Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.
Мелдештин биринчи күнүндө Махмудовдон сырткары төрт балбан килемге чыгып, бир коло байге Кыргызстандын пайдасына жазылды. 130 килограмм салмакта Роман Ким 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Темурбек Насмиовду 7:1 эсебинде утуп алды. Ага чейин Роман Ким алгачкы беттешинде жапониялык Сота Окумураны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Амин Мирзазадеге утулган эле.

55 килограмм салмакта Сардарбек Конушбаев эки беттеш өткөрүп, мелдештен четтеди. 63 килограмм салмакта Дастан Кадыров алгачкы беттешинде индиялык балбанга бир упайдын айырмасында жеңилип, мелдештен четтеди. 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков үч беттеш өткөрүп, 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовго жеңилип калды.
10-апрелде грек-рим күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтөт. Кыргызстандан бул күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (72 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) күч сынашат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар болот.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелде аяктайт.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондорун салтанаттуу тосуп алуу болду

Спортчуларыбыздын Белграддагы жеңиши менен кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды. Бул тууралуу Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», – деди Эдил Байсалов.

Спортчулардын салтанаттуу жыйыны «Манас» эл аралык аэропортунун расмий делегацияларын кабыл алуу залында өттү.

Спортчулар өткөн беттештерден алган таасирлери менен бөлүшүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

«Биз мыкты даярдыкта экенибизди, биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик. Албетте, жеңишке мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана элибиздин колдоосу менен ээ болдук», – дешти алар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкек шаарына 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы 2022-жылдын 20-сентябрында келет.

Жоламан Шаршенбеков спорттук күрөш боюнча алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону болду

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утуп алып, дүйнө чемпиону болду.

Бүгүн, 13-сентябрда ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг. салмакта финалдык таймашта Болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп, мелдешти жеңиш менен аяктады.

Муну менен Жоломан Шаршенбеков Кыргызстандан спорттук күрөш боюнча эркектер арасынан экинчи болуп дүйнө чемпиону наамына жетишти.

Буга чейин 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта Венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон.

Президент Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады

КР Президенти Садыр Жапаров Сербияда өтүп жаткан күрөш күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чемпион болгон Акжол Махмудовду Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу куттуктады:
Азаматсың Акжол баатыр! 
Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок.
Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм!
Бар бол баатыр!

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду. Кыргызстанда күрөш боюнча эркектер арасында биринчи дүйнө чемпиону

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында балбан Акжол Махмудов алтын медал тагынды.

11-сентябда финалдык таймашта ал грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, дүйнө чемпиондугун жеңди.

Мажар балбаны менен Акжол Махмудов буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу жеңип, бир ирет утулган.

Бул салмакта таймаштар 10-сентябрда башталган. Ал күнү Акжол Махмудов төрт атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниорду 11:1, 1/8 финалда мексикалык Эммануэл Алексис Бенитес Кастрону 8:0, чейрек финалда түркиялык Юнус Емре Басарды 9:7 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Лондон Олимпиадасынын чемпиону, 34 жаштагы түштүк кореялык Ким Хён У менен күрөшүп, 4:1 эсебинде уткан.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды. Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн Канатбек Бегалиев (2006) менен Жоламан Шаршенбеков (2018, 2021) күмүш байге алган. Ал эми Раатбек Санатбаев (1999) менен Данияр Көбөнөв (2010) коло медаль уткан. Ошондой эле Махмудов жалпы эле күрөш түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону аталган үчүнчү кыргызстандык. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова эки жолу (2019, 2021), Мээрим Жуманазарова бир жолу (2021) Дүйнө чемпиондугун жеңген.

23 жаштагы Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышты. Ал чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021). IV Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017), коло байгелерин жеңген. Уландар (2016) жана жаштар (2017) арасында дагы Азиянын чемпиону.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышат.

11-сентябрда кыргызстандык Тынар Шаршенбеков (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) жана Бексултан Махмудов (97 кг) күч сынашып, жарым чейрек жана чейрек финалда атаандаштарына жеңилишкен. Алардын атаандаштары финалга чыккандыктан, кыргыз балбандары 12-сентябрда коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу таймаштарга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

12-сентябрда күрөштүн бул түрүнөн 60 кг салмакта Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси Жоламан Шаршенбеков күч сынашат. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова таймашка чыгат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сербиянын борбору Белградда грек-рим, эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды

Бүгүн 10-сентябрь күнү  Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш: грек-рим, эркин күрөш жана кыз келиндер арасында эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталып, курч таймашуулар болгону турат. Эр азаматтардан эгемен өлкө болгону бир дагы кыргызстандык балбан дүйнө чемпиону боло элек. Ал эми кыз-келиндердин таймашууларында Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болсо, былтыр Мээрим Жуманазарова дагы алтын мелдаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган. Сербияда башталган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын канча балбан коргоп жатканын, алардын даярдыгын Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов спорттук баяндамачы Кабыл Макешовго айтып берди. 

 – Мелис мырза, Кыргызстандан дүйнөлүк таймашууга канча балбан барды? Кайсы балбандардын даярдыгы жакшы болду? Балбандар кайсы жерде даярдык көрүшкөн эле? 

– Белград шаарында 10-сентябрдан баштап 18-сентябрга чейин спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп, курч таймашууларга күбө болгону турабыз. Бул жерге бизден грек-рим, эркин күрөш жана кыз келиндер күрөшү боюнча  тандалган 15 балбаныбыз катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.  Алгач грек рим күрөшү боюнча алты спортчубуз мөрөй талашат. Алар: Шаршенбеков Жоламан, Шаршенбеков Тынар, Исмаилов Амантур, Махмудов Акжол, Азисбеков Атабек, Махмудов Бексултан жана аларды улук машыктыруучубуз Карачолоков Улукбек менен башкы машыктыруучубуз Эркинбаев Азат, машыктыруучулардын жардамчысы Махметов Мейрамбек агайыбыз коштоп барышты. Бүгүн, 10-сентябрда килем үстүндөгү таймашууларга Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов менен Токио олимпиадасынын катышуучусу Атабек Азисбеков катышат.

Ал эми эркин күрөштү дагы алты спортчубуз биздин Кыргызстаныбыздын намысын коргойт, алардын атын атай кетсем: Мырзаназар уулу Бекболот, Жолдошбеков Улукбек, Осмонов Алибек, Акматалиев Эрназар, Орозбеков Исламбек, Будажапов Арслан жана улук машыктыруучулар Тазабеков Исламбек менен Таабылды уулу Сүймөнкул жана башкы машыктыруучубуз Мажинов Русланбек агай коштоп барды. Кыз-келиндер арасындагы спортчуларыбыз болсо Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, аларды улук машыктыруучу Кенжебаев Байгазы жана башкы машыктыруучу Изабеков Нурбек агайыбыз жетектеп барышты. Ушундай эле булардын ден-соолугун карап, ошол жерден калыбына келтирүү процесстерин аткаруу үчүн эки дарыгерибиз жана бир укалоочубуз барды. Атын атай кетсем: дарыгер Алишева Бактыгүл, Бичанов Иса менен Кыдыев Улукбек агайыбыз балбандарга камкордук көрүшмөкчү. 

– Балбандардын даярдыгына, жол киресине жана башкасына жалпы чыгымдары кандай болду?

– Унаа чыгымдары, авиа учактары, тамак-ашы жана жатаканасы төлөнүп бүткөн, алар үчүн баардыгы даяр. Буга дүйнө чемпионатынын алдындагы окуу машыктыруучу толук кандуу өтүлгөн. Грек-рим жана кыз келиндер күрөшү боюнча тандалган балбандарыбыз  Ысык-Көлдө “Орион” пансионатында болуп, бул жерден окуу-машыгуулары жана килем үстундө практикалык машыгууну өтүп бүтүшкөн, эркин күрөштөн спортчуларыбыз Бишкек шаарыбыздагы  “Изабек”  спорт клубунда даярданышкан.  

–  Быйылкы дүйнө чемпионатында байгелүү орунга илинип калышы мүмкүн деген божомолду кайсы спортчуларга айтсаңар болот? Жалпы даярдыктары кандай?

– Биздин балбандарыбыз дайыма керектүү машыктыруудан, бардык нерседен даярдыктан өтүшкөн, менин жеке оюм ар бир спортчунун бул жерде өзүн көрсөтүп, Дүйнө чемпионатында биздин желегибизди желбиретүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бөлүп айта турган болсом мен Шаршенбеков Жоламан, Шаршенбеков Тынар жана Махмудов Акжол үчөө байгелүү орундага жетишип ыктымал. Анткени булардын спорттук чеберчиликтери азыркы убакытта абдан жакшы. Акжол жаш курагынан өтүп, алгачкы жолу чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катышып жатат.  Бирок буга чейинки чоң ири мелдештерге катышып, такшалып тажрыйбасы толду деп ойлойм, Дүйнө биринчилигинен жеңишке жетип биринчи медаль алууга мүмкүнчүлүгү, өзүнүн деңгээли толук кандуу жетти. Эркин күрөштөн жеңил салмактан Мырзаназар уулу Бекболот менен Акматалиев Эрназардин дүйнө чемпионатына күрөшө турган тажрыйбасы жетиштүү деп ойлойм. Осмонов Алибек дагы бир жолу дүйнө чемпионатында коло медаль алган, анын дагы тажрыйбасы жетиштүү. Улукбек Жолдошбеков  ортодон биртке убакыт кое берип эс алды, азыр спорттук калыбы, даярдыгы жакшы, бул спортчунун дагы тажрыйбасы жетиштүү болуп, чеберчилиги жогорулады деп ойлоймун. Мен бирөөнү бөлүп айтканды каалабайм, бул жерде ар бир тизмени агайларыбыз коюп, мыктыларын тандап берген, өзүңүз байкагандай Олимпиада салмактарына басым жасалып, таразага  аларды койуп коюшкан. Бирөөнү “татыктуу же татыксыз” деп айткым келбейт, ар бирөөндө байгелүү орундарды утканга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргызстандык балбандардын 2022-жылдагы дүйнө чемпионатында чыгуу графиги төмөнкүдөй: 

Алдын ала мыктыларды иргеп алуу раунддун беттештери 14:30 башталат.

Жарым финалдык таймашуулар 20:45 болсо, финалдык куч сынашуулар саат 22:00 башталмакчы. 

10-сентябрь – Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков

11-сентябрь – Тынар Шаршенбеков, Аматур Исмаилов, Бексултан Мазмудов

12-сентябрь – Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова

13-сентябрь – Айпери Медет кызы

14-сентябрь – Мээрим Жуманазарова

15-сентябрь – Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов

16-сентябрь – Бекболот Мырзаназар уулу, Исламбек Орозбеков

17-сентябрь – Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов

– Кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эки, Мээрим Жуманазарова бир жолку чемпиону болгон, алар бул ирет өздөрүнүн чемпиондугун коргошу керек да. Ал эми Айпер Медет кызынын алтын байге утууга толук мүмкүнчүлүгү барбы?

– Айсулуу менен Мээримге салыштырмалуу Айперинин көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар, үч балбан кызыбыз тең “чемпион” деген наамга татый алышат, ал эми Мээрим менен Айсулууга бул жерден дагы чоң жоопкерчилик турат, өзүнүн наамын эч качан алдырбашы керек, кыздарыбыз “Дүйнө чемпионатын багындыраарына 99 пайыз ишенем. 

Былтыр Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон. Айсулуу экинчи ирет дүйнө чемпиону аталган. Айпери Медет кызы коло байге уткан. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган. Ал эми грек-рим күрөшүндө Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет күмүш байгелүү болгон. 

– Бүткүл Дүйнөлүк  Бириккен Күрөш Уюмунун конгресси болуп,  жыйында кандай маселелер каралды? Кийинки Париж олимпидасына  жолдомо берилүүчү дүйнө чемпионаты кайсы мамлекетке берилди? Бул жөнүндө маалымат барбы?

– 9-сентябрь күнү Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Күрөш Уюмунунда жыйы болуп, бир топ маселелер каралды. Конгресске  Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын президенти, генерал Турганбаев Мелис агайыбыз баштаган делегация катышты. Конгресске 106 өлкөнүн делегаттары катышып, жыйынга Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах да күбө болду. Ошондой эле бул уюмдун Бюро мүчөлүгүнө талапкер болгон 16 талапкерден жетөө шайланды. Талапкерлердин катарында Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Динарбек Асылбек уулу да бар эле. Брюо мүчөлөрү болуп, төмөнкүлөр шайланды : Теодорос Хамакос (Греция, 82 добуш), Мартин Диттман (Германия, 81), Рудика Якши (Түркия, 79),  Намик Алиев (Азербайджан, 73), Даниель Игали (Нигерия, 83), Разван Пиркалабу (Румыния, 79) жана Чжан Йе (Кытай, 62).

Париж олимпиадалык оюндарына лицензия ойнотулуучу дүйнөлүк чемпионат эмдиги 2023-жылы Орусиянын Красноярск шаарында болот деп былтыр айтылган. Себеби быйылкы дүйнө чемпионаты Красноярск шаарында өтмөк болчу, кырдаалга байланышуу Белград шаарына жылдырылган эле.  Быйылкы дүйнөлүк саясый окуялардан, Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга чектөөлөр киргизилип жаткандыктан  бул маселе чечилип, так айтыла элек.

-Балбандарыбызды сүрөөнгө алып, жеңиш менен келүүлөрүнө үмүт кылып туралы!

WW 76kg – Aiperi MEDET KYZY (KGZ) df. Tatiana RENTERIA RENTERIA (COL)

Кабыл Макешов,  спорттук баяндамачы

Акжол Махмудов: Жеңишиме атамдын, устаттарымдын салымы тоодой

Токио олимпиадасына аттанып жаткан учурда дагы, Токио шаарындагы олимпиадалык айылда да белгилүү балбан, олимпиада оюндарда финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен  спорттогу алгачкы кадамдары,балбандардын  атаандаштыгы, даярдыгы, олимпадалык таймаштары, алдыдагы максаттары жана атак-даңкка болгон мамилеси жөнүндө кенен “Кыргыз тудей” маалымат сайты үчүн маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Кыргызстандын намысын талашкан көптөгөн спортчулар бар, бирок алардын бардыгы эле жылдыз эмес. Грек-рим күрөшүнүн  балбаны Акжол Махмудовду  спорт күйөрмандары жылдызы жанган келечегинен үмүткөр кылган спортчу катары таанып билген болсо, Токио олимпиадасында каармандыгын, намыскөйлүгүн көрсөтүп, спорт адистердин көңүлүн бурду.

Анын ачык, техникалык жана эмоционалдык күрөш ыкмаларынын аркасында ал үч-төрт эле жылдын ичинде он миңдеген күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланып, дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты балбан экенин далилдеп, тарыхка атын жазып койду.

Акжол Махмудов 1999-жылы  15-апрелде Ош облусунун Араван районунда Жданов атындагы айылда төрөлгөн. 2015-2016-жылдары өспүрүмдөр  арасында Азиянын эки жолку чемпиону  жана 2016-жылы өспүрүмдөр  арасында Дүйнө чемпиону аталган. 2017-жылы Азия чемпиону болуп, ошол 2017-жылы  жаштар арасында Дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси болгон. Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси аталган. Быйыл Алматы шаарында өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган турнирде Токио олимпиадасына жоддомо утуп алган.

Мен спорттук баяндамачы катары аны  2011-жылдын февраль айынан бери билем, ал кезде жаш балбанды аз эле спорт  күйөрмандары  таанычу. Бүгүнкү күндө  өзүнүн ийгиликтери, кайталангыс жеңиштери менен спорт адистердин да көңүлүн буруп, Токио олимпиадасында дагы жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Ошол эле учурда, анын өмүр баянынын урунттуу учурлары сыр бойдон калгандай.

Акжол менен алгач олимпиадагы аттанаар алдында Бишкектин четиндеги  Кой-Таш эс алуу жайында машыгуусунан кийин маектешип, даярдыгы тууралуу кеп кылган элек. Кийин Токио олимпиадалык айылда дагы бирге болуп, мелдештерине күбө болуп, сүрөөнгө алып, кийин маек курдук.

-Акжол мырза Токио олимпиадасына кандай даярдык менен баратасыз?

-Өзүмө өзүм чынчыл болуп, өзүмдү алдабай, бардык дараметим менен колумдан эмне келсе , алымдын жетишинче толук кандуу даярдык көрдүм. Олимпиаданын бир жылга жылып калышы, биздей жаш балбандар үчүн пайдалуу болуп, жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2020-жыл өтсө, анда жаратым да калыбына келбей, жолдомо албай дагы калышым ыктымал эле. Аллахыма миң мертебе ыраазымын. Эми калганын Токиодогу олимпиадалык таймашуулар көрсөтөт.

-Грек-рим күрөшү менен машыгып, бул спортту тандап  алышыңызга ким себепкер болду эле?

– Мен анда балапандай жаш элем. Алты жаштагы жеткинчек кайсы спортту тандоону билбесе керек. Бул спортту атам тандап, келечегимди баамдап билип, көрөгөчтүк кылса керек. Атам “сен келечекте дүйнө, олимпиада чемпиону болосуң” деп айта берчү. Ошондон бери атамдын ишенимин, үмүтүн актоого аракет кылып келатам.  Анан дагы агам Бексултандын дагы таасири тийди го…Мен спорттогу ийгиликтерди жарата элек учурда эле, агам Бексултан  чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, спорт күйөрмандарына таанылып жүргөн. Мен үлгү,өрнөк болчу адамды алыстан издебей эле, агамды туу тутуп, өрнөк кылып келдим. Жашоомдогу өрнөгүм кыйынчылыктарды жеңген, кайратка, намыска бүлөгөн атам менен агаларым болду.

– Акжол мырза олимпиаданын алдында сизден интервью алсам деген журналисттер арбын болсо керек. Негедир журналисттерден оолак болуп, көп интервью бербей жүрөсүз. Эмне үчүн?

– Мага интервью берип, маектешкен анча жакпайт жана  айрым учурда көпчүлүк журналисттерден баш тартып келатам. Чынында интервью бергенге азырынча эрте деп ойлоп жүргөм. Дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерге жетип, олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды ээлегенден кийин гана интервью берсем болот го деп ойлойм.

– Дагы деле болсо, атактуулук боюнча Кыргызстандагы бир нече спортчулар сиз менен ат салыша алышпайт. Сиз буга сыймыктанасызбы?

– Атак-даңк оңой-олтоң келбейт. Ал үчүн тынбай мээнет кылып, талбай машыгып, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлешиңиз керек. Анан атактуулуктун дагы экинчи тарабы бар. Бул кошумча жоопкерчиликти жүктөйт. Килемге чыгып, сен эми өзүң жөнүндө эмес, өзүңдүн мекениң жөнүндө,  өлкөнүн ар-намыс тууралуу  ойлойсуң. Баардыгы сага ишеним артып турса күйөрмандардын  үмүтүн актай алсаң жакшы. Ал эми жеңилип калсаң кайгырып, капа болосуң. Каталыктарыңды талдоого алып, кайра жоопкерчилигиң эки эсе артат экен.

– Көпчүлүк спортчулар жеңишке жеткенден кийин жылдыз ооруусу менен ооруп, жер баспай калышат эмеспи. Сизде андай учурлар болгонбу?

– Чынын айтайын жаш кезимде кээде  бир аз болуп калган учурлар кездешкен. Бирок мындай болушуна мен жол бербөөгө, жөнөкөй эле болууга аракет кылам. Негизинен күрөш күйөрмандары менен сиз сыяктуу журналисттер эле жылдызга айландырып жиберишет экен.

– Кандай кесипке ээ болууну самаган элеңиз?

-2016-жылы  орто мектепти аяктаарым менен дароо Юридика академиясына  тапшырып, юрист кесибин тандагам. Ошол эле учурда Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында дагы окуп, машыгууларды уланткам. Келечекте спортчулардын укугун коргоп, алардын таламдарын талашкан адис болсом деген тилек бар.

– Үй-бүлөңөрдө дагы спорт менен таанылган агаларыңыз тууралуу айтсаңыз?

– Алгач атам Мухамед тууралуу айтайын. Атам дагы спорт ышкыбозу, жаш кезинде жеңил атлетика менен машыгып, 1992-жылкы Барселона олимпиадасына катышсам деп тилек кылган экен. Ошол тилегин уулдары ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Анан атам футболду жакшы ойногондуктан Араван райондук футбол командасында ойногон. Менин эки  агам Бексултан менен Сыймык  спорт  менен машыккан. Бирөөсү менден эки, экинчиси болсо төрт жаш улуу. Улуу агам Бексултан уландар жана жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган. Мен Сыймык агам менен эгиздей бирге жүрүп, күрөш менен Ошто машыга баштаганбыз.  Менин спорттогу алгачы устаттарымдын бири жаш балбан Айбек болуп саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым.

Ал мага кантип күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучуларымдын бири деп эсептейм. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер, олимпиадалык даражадагы калыс  Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын устаты болуп, кыргыз спортуна зор салым кошкон залкар инсан болуп саналат.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатында бир нече жолу “алтын” алып, чоң спортко тагдырымды арнадым. Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарындагы жеңиштеринен тышкары, Индияда, Грузияда, Финляндияда, Казакстанда, Россияда, Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйба топтой баштагам. Мени бул күрөшкө шыктандырган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев болуп саналат.

Үйдө менин  60тан ашуун медалым бар. Сыйлыктардын жарымын туугандарыма жана жакындарыма таратып бердим.

-Эсте калган алгачкы жеңишиңиз кайсы деп жүрөсүз?

– Чоң спорттогу алгачы жеңишим деп, 2015-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында бардык атаандаштарымды утуп, алтын медаль тагынган учурду эстейм. Ал учурда мен 12 килограмм салмак түшүрсөм дагы баш байгенин ээси болгом. Мында өзүмө болгон ишеним жаралган. Кийинки жылы да уландар арасында Азия чемпиону аталып, Грузияда өткөн уландар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болгон элем. Себеби эгемендүүлүк алганы 10 жылдан бери Уран Калилов уландар арасында дүйнө чемпиону болгондон бери кыргыз жигиттери мындай ийгилик жарата элек болчу. Ошол дүйнө чемпионатында, анан Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күйөрмандардын купулуна толгондой, жакшы эмоция, сезим тартуулаган күрөш көрсөтө алдым деп ойлойм.

– Эң оор беттешиңиз эсиңиздеби?

– 2017-жылдагы Финляндиядагы  дүйнө Чемпионаттын финалында ирандык балбан менен күч сынашып, аягына чейин 20 секунд калганда утулуп калдым. Ал мени килемдин үстүнөн түртүп жеңишти сууруп кетти. Себеби мен жарым финалда кабыргам сынып, өзүмдү жаман сезип тургам. Намыс үчүн финалга чыгып, кабыргамдын ооруганына карабай теңата күрөшүп, күмүш байгелүү болгом. Финалда кабыргамдын ооруганы да тоскоолдук кылды көрүнөт. Бирок кийин кабыргам катуу ооруп, эки-үч күн жакшы терең дем албай кыйналып  жүрдүм.

– Чоңдор арасында  сиздин салмакта Азияда  атаандаштык күчтүүбү?

– Азия чемпионатына караганда атаандаштарым абдан күчтүү. Ал эми дүйнө чемпионаттарын, олимпиада оюндарын сөз кылбай эле койсок болот. Мындай атаандаштыкты мен эч жерде көрө элекмин!Атаандаштык күчтүү болсо чеберчилик жогорулап, өсүш болот.

– Килемге чыгаардын алдында апкарууну сезесизби?

– Мен олуттуу мелдешке бир ай калганда кабатыр боло баштайм. Мен кээде  көп ойлойм, уктай албай калган учурлар болот. Бирок мелдеш жакындаган сайын, мен тынчып, сабырдуу болгонго аракет кылам. Менде килемге чыкканда эч кандай коркуу, апкаруу сезими болбойт. Атаандашым канчалык атактуу, даңктуу болсо дагы сүрдөбөйм.

– Кандай даярданасыз?

– Атаандашыма жараша дардык көрүп, талдоого алам. Айрымдарын беттеш башталышына чейин тааный билем. Мисалы, балбан ыргытууну жакшы билсе, аны кармоого, андай ыкма жасоого жол бербөөгө аракет кылам.

– Спорттук карьераңыз аяктаган соң эмне менен алектенгиңиз келет?

– Жеке ишкер болуп, жаш спортчуларды моралдык жана материалдык жактан колдосом деп тилек кылып жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм, аларга күрөш сырларын үйрөткүм келет.

– Сизди колдогон, демөөрчү болгон адамдар барбы?

– Жергиликтүү спорттук шаймандарды сатуучу компаниялардын бири  керектүү нерселердин бардыгын берип, демөөрчү болуп жүрөт. “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов, жеке ишкер Дастан Муктаровго өзгөчө рахмат айткым келет. Бутумдан жаракат алып, Германияда операция жасатууга ошол учурдагы Дене тарбия, спорт агентигинин директору Канат Аманкулов агай дагы жардам бергенин унутпайм.

– Күрөштөн башка дагы эмнеге кызыгасыз?

– Жумасына эки-үч жолу бильярд жана теннис ойнойм.Шахматка дагы кызыгып, окуучу кезимде мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлегем. Футболду дагы жакшы ойнойм. Искусствого, адабиятка, поэзияга жана эстарадага да  кайдыгер эмесмин.

– Жергиликтүү балбандардын арасында досторуңуз барбы?

– Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан балбандар Атабек Азизбеков жана Каныбек Жолчубеков менен жакшы  достук мамиледемин. Токио олимпиадасына жолдомо алып, бирге барган Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков менен дагы достук маанайда жүрөм. Достуктун жүгү оор болот.

– Ал эми чет өлкөлүк балбандардан сизге ким жагат?

– Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын беш жолку чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло медалдарын уткан өзбекстандык, жердиги казак балбаны Эльмурат Тасмурадовдун курчтугу, күрөшкөнү жагат. Анын оттон, суудан кайра тартпаган мүнөзү бар. Бир заматта  жанар тоодой жарылып, жанын аябай аягына чейин күрөшөт.

– Сиз дүйнөнүн жарымында болуп көрсөңүз керек? Сизге кайсы өлкө жагат?

– Мен отуздан ашуун өлкөдө болгом. Баарынан мага Казакстан жагат. Ал жактын калкы, үрп-адаты жана тамак-ашы биздикине окшош, ошондой эле адамдары менен да оңой тил табышып кетесиң. Нур-Султан жана Алматы шаарларынын архитектурасы да кызыктуу. Жапониянын Токио шаарынын тазалыгы,заманбап имараттары, элинин эмгекчилдиги, ковид пандемия илдеттеринен коркпой олимпиадалык оюндарды каармандык менен өткөргөнү абдан таасирлентти.

– Сизди башка мамлекеттин өкүлү катары күрөшүүгө чакырышкан  учурлар болду беле?

– Ооба, ошол эле Казакстанга чакырышкан. Алматыдан үч бөлмөлүү батир, айына  3 миң АКШ долларын стипендия кылып, бардык шарт түзүп беребиз дешкен. Андан кийин Түркияга да чакыруу болуп, алар ортомчулар аркылуу 200 миң АКШ долларын сунуштаган. Бул 2017-18-жылдар аралыгында болгон окуялар. Мен мекенимди сүйөм! Мага кандай гана акча сунушташпасын эч жакка барбайм! Мен Кыргызстандын кулунумун, кыргызстандык бойдон гана калам.Өзүмдүн мекенимди дүйнөгө таанытуу үчүн күрөшөм. Азыркы башкы максатым – Токио Олимпиада оюндарына алтын байге жеңип алуу болчу. Алтынга бир кадам жетпей калдым. Эми 2024-жылы Париж шаарында өтүүчү олимпиадада күйөрмандардын үмүтүн актоого аракет кылам.

– Көпчүлүк спорт адистери сиздин мүмкүнчүлүгүңүз жогору деп ойлошкон. Токио олимпиадасынан кийин кандай сезимде болдуңуз?

– Бул Токио олимпиадасындагы таймашуулар оңой болгон жок. Олимпиадага дүйнөнүн ар тарабынан тандалган эң мыкты спортчулар катышты. Ар бир балбан олимпиаданы уткусу келди.  Жеңишке жетүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп алдым. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык тажрыйбалуу балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алууга жетиштим.

Жарым финалдык беттешүү абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өттү.  Биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң мен катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирдим. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, мен дагы артыкчылыкты бекемдеп, андан ары атаандашыма ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей утуп алдым. Финалда Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашыма алтынды алдырып коюп, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын тагындым. Алтын алууну максат кылып, көп мээнет кылып, машыккан элем. Аллахка чексиз мактоолор, ыраазычылык болсун. Буйрук экен, эң өкүнүчтүүсү кыргыз элиме финалда жакшы эмоция, күчтүү сезим тартуулай албай, алардын үмүтүн актай алганым жок. Элибиз Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Ош шаарында, үйлөрүндө теледен мага күйөрман болушуп, сүрөөнгө алып турушкан экен. Бардык күйөрмандарым ыраазычылык билдирем. Бул күмүш байге жеке менин ийгилигим эмес. Бул жалпы элибиздин, устаттарымдын, ата-энемдин ийгилиги, жеңиши. Айрыкча жеке устатым Мейрамбек Ахметовдун салымы тоодой.  Эмне демекчимин, алдыда далай ашуулар, далай таймаштар, сыноолор турат.

2016-жылдын 14-сентябры эсимде. Мен анда 17 жашта элем, уландар арасындагы дүйнө чемпиону болсом деген кыялдарым  ошол күнү орундалган. Жеңиштин бийик сересинде туруп, биздин өлкөнүн Гимн жаңырып, Кыргыз туусу обого көтөрүлгөндө укмуштуудай айтып бүткүс сезимдерди башымдан өткөрдүм эле. Эгерде кудай буйруп, кийинки Париж шаарнында олимпиада чемпиону болгон күндө дагы, мен ал күндү эч качан унутпайм.

-Жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Өзүңүз айткандай эми Париж олимпиадасында спорт күйөрмандардын үмүтүн актап, алтын медаль тагынууңузга тилектешпиз!

Кабыл Макешов, Токио олимпиадалык делегациянын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы

 Атайын “Кыргыз тудей” сайтынын окурмандары үчүн

Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы президент куттуктады

Президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медал алган кыргыз спортчулары Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарованы куттуктады.

“Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу”, – деди Махмудовго жолдогон куттуктоосунда.

Ал эми Жуманазарованы куттуктаганда таланттуу спортчу кыздар улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада 3-август күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын тогузу байге ала алган жок. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат.

Токио 2020 олимпиадасынын күндөлүгү : Акжол Махмудов күмүш жана Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күмүш, айымдар эркин күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло медаль утуп, кыргызстандык спорт күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.  Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов маалымдайт.

 Акжолдун алтынга тете күмүш байгеси

Кыргызстандын дүйнөгө тааныткан атактуу балбан Акжол Махмудов 3-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалда  Лондон Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө  чемпиону жана Европа чемпионатынын беш жолку чемпиону, венгриялык Тамаш Лоринс менен күч сынашып, 2:1 эсебинде бир упай айырма менен атаандашына алтынды алдырып коюп, Токио олимпиадасынын күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токио  Олимпиадасында төрт беттеш өткөрдү.  Ал алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрүп, андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөткөн эле. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калган болчу.

Токио олимпидасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин  утуп алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынган. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп келген.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

-Акжол кыргыз тарыхында грек-рим күрөшү боюнча олимпиада оюндарында күмүш байге уткан  эң жаш балбан болуп саналат. Буга чейин кыргыз спортчуларынан грек-рим күрөшү боюнча 2008-жылы Бээжин олимпиадасында финалга Канат Бегалиев гана чыгып, ал дагы күмүш байгелүү болгон,-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов.

Мелдештен кийин Акжол Махмудовго жолукканымда ал бул жеңишин, күмүш байгесин кыргыз элине, ата-энесине, досторуна арнаганын, президентибиз Садыр Жапаров өзү телефон чалып куттуктаганын айтып, жалпы күйөрмандарга терең ыраазычылыгын билдирип, 4-августта финалда алтын медаль үчүн күрөшө турган Айсулуу Тыныбековага, коло байгеге талапкер Атабек Азисбековго ийгилик, жеңиш каалады.

Мээнеткеч Мээрим Жуманазарованын коло медалы

3-августта Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиада оюндарында  айымдар эркин күрөшү боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда коло байге утуп, Кыргызстандын  калкын сүйүнтү.

Кечээ 2-августта  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде  артыкчылык менен жеңип алган. Чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен бир упайга утулуп калган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылган эле. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашып, аны утуп, коло байге үчүн күрөшкө жолун ачыкан.  Андан соң Лондон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку  чемпиону жана Азия чемпиону, 30 жаштагы монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен Токио Олимипиадасынын коло байгеси үчүн күч сынашып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

-Мээрим Жуманазарова 2020-жылы дүйнө кубогунун  жеңүүчүсү болгон, ал эми ага чейин Азиянын коло жана алтын байгелерин утуп, жаштар арасында дүйнө чемпонаттарынын жеңүүчүсү аталган. Азия чемпиону болуп саналат. Ага алгач күрөш сырларын үйрөткөн атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров агайыбыз. Спорттук бийиктиктерге, жеңиштерге жеткирген устаты өлкөбүздүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун мээнети тоодой. Мээрим устатынын акыл-насааттарын угуп, кеп-кеңешин туура аткарып, ийгиликке жетти , -дейт Жогорку Кеңештин депутаты, КР айымдар күрөш федерациясынын вице-президенти, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.

Токио олимпиадасынын коло байгесин уткан Мээрим Жуманазарова менен жолукканымда ал алтын медаль утууну максат кылып келгенин, бир аз каталык кетип, ал мүдөөсүнө жетпей калганын, куру кетпей коло байге менен мекенине баратканын, бул ийгилик жети-сегиз жылдык мээнеттин үзүрү экенин, алдыда Азия оюндары, Париж олимпиадасынын таймашуулары турганын, жеңишин кыргыз элине, ата-энесине арнаганын айтып,  алыста болсо дагы сүрөөнгө алып турган жалпы күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт  

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын финалына жолдомо алып, 4-августта 62 килограмм салмакта Токио олимпиадасынын алтын медалы үчүн  күч сынашат.

Айсулуу  жарым финалда дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, Европа чемпиону, украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.  Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде далысын килемге таза тийгизип уткан. Ага чейин биринчи атаандашы 31 жаштагы Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси, латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алган.

-Атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону (2019) жана дүйнө биринчилигинде коло байгенин ээси (2017), Азиянын 3 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019), Азия Оюндарынын чемпиону (2018) жана коло байгесинин ээси (2014), Дүйнө биринчилигинин Кубогунун чемпиону (2020), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков машыктырып, ушундай даражага жеткирип келеатат. Кыргыз спортчуларын колдоп, бүгүн борбор калаабыздагы аянтка жүздөгөн эл чогулганын Токиодон угуп, биз дагы кубанып турабыз. Эми финалдык беттеште дагы Айсулуунун атын атап, дем-күч берип, сүрөп, колдоп туралы,-дейт Дүйнөлүк күрөш биримдигинин Азия континенти боюнча вице-президенти, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев.

Атабек Азисбеков коло байге үчүн талапкер

Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмак боюнча катышып жаткан Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков чейрек финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Армениялык спортчу кыргыз балбанын 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал Үзүр Жусупбековдон кийин дагы 2 атаандашын утуп, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков коло байгеге талапкерлердин беттешине чыгууга укук алган.

Жусупбеков коло медаль үчүн беттешке чейин Финляндиянын  тажрыйбалуу балбаны Арви Мартин Саволайненди жеңсе, анда коло байге үчүн иран спортчусу Мухамедхажы Сарави менен күрөшмөк. Тилекке каршы, спортчу 1:4 эсебинде финляндиялык балбанга алдырып коюп, байгелүү орунга илинбей калды.

-Кыргызстандын олимпиадалык командасынын капитаны Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда дүйнө жана Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, венгриялык Виктор Лоринцке 1:6 эсебинде утулуп калды. Оңдой берди болуп Виктор Лоринц финалга чейин жете турган болсо, Атабектин коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду. 4-августта Атабек Азисбеков коло байгеге талапкерлердин таймашында Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпонаттарында күмүш жана коло медаль уткан, Европа чемпионаттарынын жеңүүчүсү, германиялык Денис Максимилиан Кудла менен күч сынашат. Аны утса коло медаль үчүн күрөшүүгө жолу ачылат.-дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, олимпиадалык команданын жетекчилеринин бири Саламат Эргешов.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдштерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышты. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашып, финалдык топко кошулбай калды.

Кыргызстандан жалпы 16 спортчу спорттун 7 түрү боюнча Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш байгеге жети миллион сом, коло медаль үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Токио олимпиадасынын күндөлүгү: Акжол Махмудов финалга чыкты, Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 2-августта Азия чемпиону Акжол Махмудов Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан  32-жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Азия чемпиону, кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалдык таймашууда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолун ачып, баш байгеге талапкер болду. Бул күндүн жыйынтыктары тууралуу  Токиодон спорттук баяндамачы, Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын пресс атташеси Кабыл Макешов билдирет.

Жарым финалдык Акжолдун беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө алгач бир упайды Европа чемпионаттарынын коло байге ээси, Европа оюндарынын жеңүүчүсү армян балбаны Карапет Чальян алганга үлгүрдү. Андан соң  Акжол Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирип, өзүнүн чеберчилигин, шамдагайлыгын көрсөттү. Мелдештин экинчи бөлүгүндө армениялык балбан бир упай алганга үлгүрүп, Акжол Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары атаандашына ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей артыкчылыгын сактап калды.

Эртең менен Акжол Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда уткан. Чейрек финалда дүйнө чемпионатынын күмүш, Дүйнө кубогунун алтын, күмүш, коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, 33 жаштагы азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңген.

Алдыда алтын байге үчүн Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Европанын беш жолку чемпиону, венгриялык Таман Леринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15тен өткөндө башталат.

Финалга чыккан  Акжол Махмудов 22 жашка чыгып, баралына жетип, табына келип турган учуру. Ал уландар  арасында Азиянын эки жолку,жаштар арасында дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп алган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай Германиядан операция жасатып келген. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына катышкан эмес.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, быйыл март айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдеште алтын байге утуп, Токио олимпиада оюндарына жолу ачылган.

Ушул  2-август күнү күрөштүн ушул грек-рим түрүнөн 97 килограмм салмактагы Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды. Бирок армениялык балбан финалга чыккандыктан Үзүр Жусупбеков коло байгеге талапкерлер менен 3-августта эртең менен күрөшкө чыгат.

2-августта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Токио олимпиадасына катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда Африканын 10 жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндрынын чемпиону, 33 жаштагы нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү  Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешүүдө Европа чемпиону, Европа оюндарынын күмүш байге ээси, болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде жеңип алган. Кечинде оңдой берди болуп нигериялык спортчу финалга чыгып,  Мээримге коло байгеге талапкерлердин беттешүүсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Европа чемпиону 24 жаштагы  азербайжандык Элис Манолова менен күч сынашат. Аны утса коло байге үчүн күрөшкө жолу ачылат.

2-августта Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер эркин күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө дүйнө чемпиону, Европанын 4 жолку чемпиону, 29 жаштагы түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы таймаштарын 1-августта баштап, алгач Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону, 29 жаштагы  казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 утуп алган. Ал эми чейрек финалда Лондон олимпиадасынын чемпиону, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын күмүш байге ээси, Европанын үч жолку чемпиону,30 жаштагы орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделин Мариа Грейге 2:3 эсеби бир упай айырма менен жеңилген.

Бүгүн, 2-августта эртеңки 3-августтагы таймаштардын чучукулагы тартылып, 62 кг салмакта  дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешүүдө латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү анык болду.Спортчулар 1/8 финалдан баштайт.  31 жаштагы Анастасия Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси болуп саналат.

Ошондой эле  3-августта күрөшө турган грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи атаандашы аныкталып,  ал венгриялык Виктор Лёринц менен күч сынашат. Алар дагы  87 килограмм салмактагы күрөшүн 1/8 финалдан баштайт.

Беттешүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат.

3-августта Токио олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдештерине кыргызстандык эл аралык спорт чебери Нурсултан Кеңешбеков да катышат. Ал 5000 метр аралыктагы жарыштарда мөрөй талашат.

 

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Меню