Menu

Аксунгур” дрону

Камчыбек Ташиев Түркиядан "Аксунгур" дрону алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан “Аксунгур” дронун алганын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына “Эми “Аксунгур” да биздики” деп жазды жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызмат канча даана “Аксунгур” канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Өткөн айда Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Байрактар” учкучсуз аппараттарынын “Акынжы” деп аталган түрүнүн жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана анын алдына “Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″ деп жазган. Анда дагы буга байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес.

Анын алдында, 12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барган. Аны менен чогуу Камчыбек Ташиев, транспорт жана байланыш министринин орун басары Табылды Тиллаев, өкмөт башчынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов барганы белгилүү болгон.

Сентябрь айында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылган. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” дрону тапшырылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр күзүндө Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.

Меню