Menu

Аксы

УКМК: Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Аксы району боюнча "смотрящийи" (“көзөмөлчү”) М.А.К. кармалды

Ушул жылдын 11-октябрында КР УКМК тарабынан КБР катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды.

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Кнын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.

Учурда кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК пара талап кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

Милиция Аксыдагы сел алган аймакта сууга агып кеткен 2 жаранды издөөгө катышууда

Кечээ, 12-июль күнү саат болжол менен 19:00дөр чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагы менен Ак-Жол айыл аймагын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосуна жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, натыйжада 8 адамды агызып кеткендиги боюнча Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө жергиликтүү тургундардан маалымат келип түшкөн.

Бул болгон жаратылыш кырсыгы Аксы РИИБдин МЭЖна катталган.

Жогоруда алынган маалымат боюнча Аксы РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жерге Аксы РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен барышкан. Ошондой эле КРнын Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров тиешелүү кызматкерлери жана атайын техникалар менен окуя болгон аймакка барышып, учурда жеринде иш алып барышууда.

Азыркы учурга 6 адамдын жансыз денеси табылып, өздүктөрү такталган. Ал эми калган 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Ошондой эле издөө иштерине Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун атайын кызматтык иттери менен тиешелүү кызматкерлер кошумча күч катары тартылган.

Окуя болгон учурдан тартып Аксы РИИБдин өздүк курамы сел алган аймакта кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштешип, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүүдө.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине Аксы районунда түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жалал-Абад шаарынын Аксы районунда кечээ түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле табигый кырсыктан улам жабыркаган элге тийиштүү жардам көрсөтүү милдети коюлду.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Улукбек Марипов: Аксы районундагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле белгиленгендей, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин толук көлөмдө жүргүзүп жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен сел 8 жаранды алып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Министрлер Кабинетине кыска мөөнөттө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырган.

ӨКМ: Аксыда сел жүрүп, 8 адам сууга агып кетип, 6 адамдын сөөгү табылды

Кечээ, 12-июлдун кечинде Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынан тургуну 2016 –ж.т. (аты жөнү такталууда) жана 7 жаранды (аты жөнү такталууда) сел агызып, ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды, аты жөндөрү такталууда. Бул тууралу ӨКМдин  басма сөз кызматы билдирет.
Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери убактылуу токтотулду, издөө иштери жана тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. 13-июль күнү эрте менен улантылат.
Кошумча маалымат берилет.

Видео - Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Чынарбек Кадыркулов шайланды

10-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Чынарбек Кадыркулов шайланды.

Шайлоого эки талапкер: Кыял Абдыкааров менен Чынарбек Кадыркулов аттанышкан.

Айылдык кеңештин 22 депутатынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен Кыял Абдыкааров 8 добуш алып, жеңилүү ызасын тартты. Ал эми Чынарбек Кадыркулов 13 добуш алып, шайлоодо жеңип чыгып, айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Чынарбек Кадыркулов 1980-жылы Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Кашка айылында туулган. Ал буга чейин айылдык Кеңешинин депутаты жана төрагасы болуп иштеп келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню