Menu

Аксы окуясы 2002-жыл

Президент Садыр Жапаровдун Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы.

Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, атка минерлер болсо элден бир топ эле четтеп калган.

Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.

Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.
Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!

Эгер 20 жыл мурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр, журналисттер ушул кайгылуу окуяны чагылдырганы келишсе, эми Аксынын мээнеткеч жана меймандос калкын, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын өзгөрүүдө.
Бүгүнкү күндө калыстыкты туу туткан элибиздин эркине каршы келген буга чейинки жагымсыз окуялардан, урунттуу учурлардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу — биздин башкы мүдөөбүз!

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен кыргызстандыктардын ынтымагын чыңдап, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз!

Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!».

Аксы окуясына 20 жыл

Мындан 20 жыл илгери, Аксы окуясы Кыргызстандын кийинки саясий турмушунун өзгөчө жандануусуна, коомдун ойгонуусуна, элдин саясий када­мындагы чечүүчү кадам, өлкөнүн бир нече олуттуу саясий өзгөрүү­лөрүнө шарт түзгөн тарыхый, саясий, кан төгүлгөн окуя болгон.

Кыргыз Республикасынын тарыхында Аксы окуясы деп аталган, саясий наара­зычылыкка чыккан элге карата ок атылып, кандуу окуя 6 адамдын өмү­рүн алган, 79 киши жабыркаган окуя. Аксы окуясы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде олуттуу өзгөртүү жаратып, келечектеги саясий, тарыхый окуяларга омоктуу өбөлгө түзгөн. Аксы окуясы – Кыргыз Республика­сын­да­гы кийинки элдик ыңкылаптардын, саясий, социалдык-экономикалык өзгө­рүү­лөрдүн алгачкы  чабалакейи болуп калганы талашсыз. Өкүнүчтүүсү Аксы окуясы коомдук, саясий турмушта демократиялык нукка бурулуш жасаганы менен таза, коррупциясыз коомго андан кийин деле, дээрлик 20 жылда жети­ше алган жокпуз.

Ошол 2002-жылдагы Аксы окуясы тегин жерден чыккан жок. Аксы окуя­сы элеттик элдин аң-сезиминин бийик деңгээлде өскөнүн көрсөтө алган, эл­дин расмий бийликтерде акыйкаттык жоктугун билгени, ага каршы наара­зычылыкка чыгуу менен чындыкка, адилеттикке  жете алса болот турган­ды­гы­­на ишенгенин көрсөтүп, кыргыз коомчулугунун саясий, социалдык аң сези­минин өзгөрүшүнө зор өбөлгө түзгөнү ачык көрүнүп турат. Эгемендүү Кыргыз Республикасында эл өз пикирин ачык айтып чыгып, демократияга бурулуу учуру Аксы окуясы менен байланышканы баарыбызга маалым.

Аксы окуясы үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан аксылыктардын бекем, майтарылбас эрки менен коштолуп, анда атылган октор элдин эркин сындыра алган жок. Ошол кездеги расмий бийлик чындык, адилеттик, акыйкаттык, айкын­дуулук  үчүн чыккан аксылыктардын жолун тосуп, элге карай  ок атты. Окуя учурунда 6 адамдын өмүрү кыйылып, көптөгөн адамдар жараат алыш­ты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан бир жараныбыз набыт болду. Бирок атылган ок, бийликтин тенңирден тескери кадамдары элдин эркин, алга умтулуусун  сындыра да, токтото да алаган жок. Кайра, эркиндик үчүн элдик күрөштү күчөтүп, коомдук аң сезимди ойготуп, элди адилет үчүн бел байлаган күрөш­кө чыйралтты. Расмий бийликтер канчалык деңгээлде элдин нааразылыгынын нукура, чыныгы  себептерин жаап-жашырып, бир топ жал­ган маалыматтарды таратканына карбай реалдуу чындык бүткүл элге жет­ти.  Анын наыйжасында Аксы окуясы кыргыз элинин аң-сезиминде кескин бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы коомдук, саясий, укуктук, тарыхый өзгөрүү­лөргө жол ачып, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка, кеңири кулач жайган коррупцияга  каршы жалпы элдик күрөштүн башы болгонун тарых танбайт.

Бүгүнкү күндүн бийиктигинен алганда Аксы окуясы албетте А.Акаевдин кезиндеги расмий бийликтин абдан чоң саясий жаңылыш­тыгы болгону талаш­сыз. Эң негизги катачылык  жаңжал баш­талган кезде, жогорку бийлик эгедерлери эртерээк окуя болгон жерге барып, элет эли менен сүйлөшүп, кабар алып, талаш-тартыш маселелер боюнча бир ыкка келиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошентип, өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп калып­танып жаткан Кыргыз Республикасынын демократия­лык жолунда кандуу, элдин эсинде калган  саясий, тарыхый окуя болуп Аксы окуясы кошулду. Албетте Аксы окуя­сы боюнча көптөгөн илик­төөлөр, тыя­нак­тар болду, аталган окуя боюнча жаш тарыхчы Б.С.Назарбаева “2002-жылдагы Аксы окуясы: булактар жана изилдөө ыкмалары” – аттуу тарых илимдеринин кандидаты окумуштуу­лук даражасын алуу үчүн диссер­та­ция жазып, ийгиликтүү коргоду. Демек, бул диссератция аркылуу Аксы окуяларына ыраттуу, ынанымдуу тарыхый баа берилди десек болт. Ошол  кандуу окуянын жыйынтыгы тууралуу бир топ расмий маалыматтар да айтыл­ды.

Расмий бийликтер менен Аксы элинин пикир келиш­пестик­те­ринин натый­жасында, сая­сий келишимге жетише албаган­дыктан, 2002-ж. 17-18-март күндөрү Аксы райо­ну­нун калкы менен куралдуу милиция отряддарынын орто­сундагы кагылышуу­дан, анын натыйжасында чыккан ок атуудан 6 адам курман болгон. Алар К.А.Сапаралиев, С.К.Тагаев, Э.М.Четин­баев, С.Б.Үр­күн­баев, Э.А.Умөталиев, М.Бекмуратов болушкан.  Булардан башка ошол эле окуяда 22 адам жараат алып, ооруканага жаткырылган. Ошол кандуу окуядан кийин милиция кызматкер­лери тарабынан мыйзамсыз түрдө 67 адам карма­лып, камакка алынып, айрымдары кийинчерээк бошотулган. Булар А,Бекна­заровдун маалыматы боюнча берилген маалыматтар.

Ошол эле кезде, Аксы окуясын жакшы билген, аксылык жабырлануучу-лардын адвокаты С.Жайчыбековдун маалыматында окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүзгө чукул сот жараяндары болгон. “Негизи доку­менттер, медициналык бүтүмдөр боюнча өлгөндөр, жаракат алгандар бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Андан кийин соттук териштирүүгө 32 адам катышкан. Аксы окуясында 17-март боюнча өзүнчө, 18-март боюнча өзүнчө, эки бөлөк иш козголгон. Журналисттер бирдей окуя катары чагыл­дырып жүрөт. 17-март боюнча өлгөндөргө күнөөлүү – деп үч киши аныкта­лып, жаза – үч жыл сыноо мөөнөтү берилген, эми ал жоопко тартылуу деп эсеп­тел­бейт деле да. 18-марттагы кылмыштын башында ИИМдин ошол кез­де­ги биринчи орун басары Садырбек Дубанаев турган. Ошол киши жетекте­ген, эки адам – бирөө таяктан, бирөө октон өлгөн. Андан сырткары алты кишиге ок тийип, жаракат алып, бирок, кылмыш иши козголгон эмес. Ал кишини жоопко тартымыш болушту да, анан актап коюшту. Элде чындык чыкпады деген сөз калып жатат. Ишти тергеп сотко өткөрө турган бийлик кызматкерлеринин жаап-жашырууга жасаган “чоң аракетинин” жыйынтыгы. Бардыгы бири-бири менен байланышта экендигин көп жыл өткөндөн бери ойлонуп отурабыз да. Андыктан, бир тыянак болуп, жыйынтык чыгышы кыйын” деген адвокат С.Жайчыбеков.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, ошол Аксы окуяларынын чыгуусунун себептерин, анын натый­жа­сын иликтөө үчүн үч комиссия иштеген. Алар:

  1. Коомдук-саясий комиссия – төрага Т.Тургуналиев, мүчөлөрү А. Абди­расулова, Б.Букашева, Б. Аракеев ж.б.
  2. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутат­тык комис­сиясы – А.Мамбеталиева, О.Дуйшеев, О.Малеванная, И.Иса­ков, Э.Булек­баев, Т. Сарпашев, Ө. Текебаев, А. Таштанбеков.
  3. Президент А.Акаевдин атайын жарлыгына ылайык түзүлгөн Мамлекет­тик комиссия – Н.Танаев, М.Абдылдаев, Г.Аалиева,   Д.Аб­­дуллаева,   О.Ба­киев, З.Жамашев, С.Жайчибеков, Т.Исмаи­ло­ва, Х.Коркмазов, Ш.Медет­беков, Ш.Майчиев, Ж.Мавлянов, К.Осмонов, А.Сабиров, А.Сулайманов, Э.Төрө­баев, Б.Шерниязов, К.Кулназаров, И.Кадырбеков.  Ар бир комиссия өз вазый­паларын аткарып, өз жыйынтыкта­рын тиешелүү жактарга, бийлик эгедер­лерине, ММК беришкен.

Аксы окуясынын арты менен Кыргызстанда президенттик, үй-бүлөлүк, жеке, кландык башкарууга, бийликтеги тереңдеп кеткен коорупцияга каршы жалпы улуттук күрөш башталды десе болот. Ошол эле учурда ага толугу  менен укуктук баа берилбей келе жатьканын да көпчүлүк белгилешет. Кээ бир адистер, Аксы окуясына саясий эле баа берилди, бирок ал туура берилген жок – деп ойлошот. Алардын бири кадимки укук коргоочу А.Абдирасулова.

Кандай болсо да ошол Аксы окуясы эгемендүү жана көз карандысыз Кыр­гыз Республикасынын, элибиздин тары­хын­да ташка тамга баскандай из кал­ты­рып, болочок элдик көтөрүлүштөрдүн,  кыргыз­стандыктардын эркиндикке жана адилеттикке болгон умту­луу­сунун алгачкы кадамы катары тарыхта калды десек жаңы­лышпайбыз.

Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору

Меню