Menu

АКШга виза

Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

“Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШнын Оруссияга карата киргизген эл аралык санкцияларынан улам айрым кыргызстандык ишканалардын акчасы америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүү боюнча сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

Өзбекстанда апрелде Green Card боюнча АКШга 281 кишиге виза берилди

АКШнын Ташкенттеги элчилиги апрель айында түрдүү улуттун өкүлдөрүнө эң көп виза берген Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ичинен экинчи орунду алды. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасында жазылган.

Маалыматка караганда, апрель айында мындай визалар Өзбекстандын 281 жаранына берилген.

“Биз Green Card лотереясын колдоону уланта беребиз. Мамдепартаменттин апрель айы үчүн жарыяланган акыркы статистикасына ылайык, Ташкенттеги элчилик түрдүү улуттардын өкүлдөрүнө виза берүү боюнча экинчи орунда турат”, – деп жазылган АКШнын Өзбекстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө.

2022-жылы апрелде АКШнын Ташкенттеги элчилиги жалпысынан жарандарга 600дөн ашык иммиграциялык виза берген.

2018-жылы Өзбекстанда Green Card лотереясына катышуу үчүн 2 114 446 киши билдирме толтурган. Бул дүйнө боюнча Green Card’га катышкандардын жалпы санынын 9% түзөт.

АКШ элчилиги декабрь айында катардагы визалык кызматтарды көрсөтүүнү кайрадан улантат

6-ноябрь, 2021-жыл – Бишкек – АКШ Элчилигинин Консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан баштап визалардын бардык түрүнө байланыштуу визалык интервьюларга кезекке турууну ачат. Виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты бекем сактоо жана беткап тагынуу протоколдору элчиликке келген бардык коноктор үчүн күчүндө болот.

«Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин ортосундагы байланыштар түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өөрчүшүн колдоого жардам берет жана биз декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет», – деп белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Визага кызыккан талапкерлер биздин веб-баракчадагы арыз талаптарын жана башка маалыматты карап чыгып, интервьюга бул жерден кезекке турса болот. Көңүл буруңуздар, дүйшөмбү күнү, 8-ноябрдан тарта АКШга кирүү үчүн саякатка коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдик саякатчылардан FDA тарабынан тастыкталган же уруксат берилген вакцина, же Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун өзгөчө кырдаалдарда колдонуу тизмесине киргизген вакцина менен COVIDге каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат. Учурдагы талаптар боюнча акыркы маалыматты CDCнин COVID-19 веб-сайтынан тапса болот.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында Мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык интервьюларды токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.

Меню