Menu

АКШга эмгек миграциясы

КР Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу менен кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты

Чикагодо Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту
2023-жылдын 11-майында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Чикагодогу Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна иш сапары менен барды.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргыз Республикасынын жарандарын АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын иштеп чыгуу боюнча презентациясын тартуулады.
Жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

КРнын Чикагодогу консулу Болот Борбиев кыргыз жарандарын АКШда ишке орноштуруу үчүн эмгек квоталарын жогорулатуу маселелери боюнча иштөөдө

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.И. Борбиев Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесинин директору Кевин Риддл мырза менен жолугушту.
Бул жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесин жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун ишмердүүлүгү менентааныштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандык, КР жарандарынын АКШ аймагында ишке орношуусу үчүн эмгек квоталарын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.
Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:
100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.
Телефон: 312 994 2416
312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)
Email: [email protected]

Меню