Menu

АКШ доллары

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга былтыр 11-марттан тарта накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Улуттук банк 13-январда Кыргызстанда валюта рыногу туруктуу экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү банк системасында 650 миллион доллар бар, анын 40% накталай акча түзөт.

Өлкөнүн башкы банкы 10-январда сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган. Мекеме мындай ири валюталык интервенцияны “жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш” деп түшүндүргөн.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта – сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон.

Май айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылган, анын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат.

Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.

Улуттук банк өлкөнүн валюта базарында "накталай АКШ долларынын жетишсиздигин" мойнуна алды

Улуттук банк өлкөнүн валюта базарында “накталай АКШ доллары жетишсиз болуп жатканын” мойнуна алып, бул калктын валюта алмаштыруу операцияларындагы суроо-талабын толук канааттандырууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдирди.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын эл аралык акча которуу системалары аркылуу келген каражатты алууда кыйынчылыктарга кабылып жатканына даттанган жарандардын кайрылуусуна берген жообунда жазылган.

Улуттук банктын маалыматына караганда, АКШ валютасынын тартыштыгы “айрым жеке жана юридикалык жактардын өлкө аймагына накталай эмес рубль жана доллар алып кирип, аларды Кыргызстандын банктарында накталай акчага которуп чыгарып кетип жатканына” байланыштуу.

“Мындай операциялардын негизси максаты – рубль менен доллардын ортосундагы курстун айырмачылыгынан спекулятивдик киреше табуу. Бул айрым кыргыз банктарын эл аралык акча которуу системалары аркылуу келген каражатты ала турган кардарларды тейлөөдөн убактылуу баш тартууга аргасыз кылып жатат”, – деп жазылган Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Мекеме ошондой эле быйыл апрель айында акча которуу системасына өзгөртүүлөр “экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана накталай АКШ долларынын өлкөдөн тышкары чыгышынын жагымсыз кесепеттерин минималдаштыруу максатында кабыл алынганын” белгиледи. “Учурда эл аралык акча которуу системасы аркылуу келген каражат ал жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасы же улуттук валюта менен гана берилет”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Улуттук банк акча которуунун суммасына эч кандай чектөө киргизилбегенин белгилеп, айрым коммерциялык банктардын чектөөлөрүн ал банктардагы накталай доллардын “жетишсиздиги” менен түшүндүрдү.

Доллардын курсу түшүп жаткан маалда Улуттук банк 17-июнда валюта рыногунан 51,4 миллион доллар сатып алган Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2022-жылдын башынан тартып 11 интервенция жасады. Анын беш учурунда чет элдик валютаны сатып алган.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандап жатат.

Меню