Menu

АКШ Мамдепартаменти

АКШ Мамлекеттик департаменти: Тажикстан 31 жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери бир гана киши башкарып келаткан авторитардык өлкө деп атады.

Мекеменин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 2022-жыл үчүн даярдаган баяндамасында Тажикстандын Конституциясы көп партиялуулукту кепилдей турганы, бирок бийлик саясий плюрализмге тоскоолдук кылып жатканы жазылган.

Ар жылкы баяндаманын авторлору президент Эмомали Рахмондун уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустами Эмомали 2020-жылы тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына шайланып, атасынан кийинки өлкөдөгү экинчи кишиге айланып, мураскер болуп калганын белгилешкен.

“2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин эмес жана адилетсиз өткөн… Бардык күч түзүмдөрү менен Бажы кызматы түздөн-түз президентке баш ийет. Биздеги маалыматтарга ылайык, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көптөгөн мыйзамга каршы келген иштерди жасашат”, – деп жазылган Мамдепартаменттин баяндамасында.

Анда ошондой эле Эмомали Рахмондун тушундагы буга чейинки бир дагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жана ачык өтпөгөнү белгиленген.

“Мындан тышкары Тажикстанда жарандарды саясий себептер менен камакка алуу, кыйноо, өлтүрүү, журналисттерди коркутуу, сөз жана дин эркиндигин чектөө сыяктуу адам укуктары бузулган учурлар да катталууда”, – деп жазылган баяндамада.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Мамлекеттик департаменттин бул баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

Акыркы жылдары эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда адам укуктары бузулган учурлар боюнча өлкө бийлигин бир канча жолу сынга алышкан.

Өткөн жумада дүйнөнүн 197 өлкөсүндөгү жарандык коомдун жана жарандык укуктардын абалын баалаган CIVICUS эл аралык уюму Тажикстанды “жабык” өлкө деп тапкан. Уюмдун 16-мартта жарыяланган баяндамасында Тажикстан менен бир катарга Түркмөнстан, Кытай, Сирия, ошондой эле Африка жана Азия континентиндеги бир катар өлкөлөр жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамы боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү таратты

Бүгүн, 8-июлда АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамы боюнча билдирүү таратты (текст):

Америка Кошмо Штаттары жакында Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) каржылык жана программалык отчеттуулукту камсыз кылуу боюнча оор талаптарын койгон мыйзамды кабыл алганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүсүнө көмөктөшүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоолдук жаратат. Окшош мыйзамдар башка өлкөлөрдө туура эмес колдонулуп, өкмөттү жана саясий ишмерлерди сындаган уюмдарды бутага алган, жана бул өз пикирин билдирүү эркиндигине шек келтирет. Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын пай дубалы болгон жарандык коомуна тийгизген таасирин кайра карап чыгууга чакырабыз. Эгемендүүлүккө жеткенден бери 30 жылдай мурун түптөлгөн Кыргыз Республикасындагы күчтүү плюрализм жана биримдиктердин эркиндиги салтын коргоо жана бекемдөө зарыл.

Меню