Menu

Акыйкатчы

Акыйкатчы "чет элдик өкүл" долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу сунушун берген.

Мурдараак Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Акыйкатчы кызматына экс-прокурор Жамиля Жаманбаева шайланды

Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду.

Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды.

Депутат Гуля Кожокулова “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамда акыйкатчы кызматына талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев шайлоо процесси “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин белгиледи. Ал мындай учурда Конституцияда каралган нормаларга ылайык чечим кабыл алынарын, ошол себептүү көпчүлүк добушту алган талапкер утуп чыгарын түшүндүрдү.

Жаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы, Бакыт Рысбековду “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган Күлира Кубатова шайлоо алдында талапкерликтен баш тартканын билдирген.

Буга чейин “Альянс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороевди сунуштап, кийин ал өзү талапкерликтен баш тарткан. Акыйкатчы институтунун эмгек жамааты институттун эки кызматкерин талапкер кылып чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке, фракцияларга кайрылган. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган.

Акыйкатчы: Чүй облусунда жалгыз бой эне үч кичинекей баласы жана улгайган энеси менен мал сарайда жашоого мажбур болууда

Чүй областынын Москва районуна караштуу Кыз-Моло айыл өкмөтүндө жалгыз бой эне үч кичинекей баласы жана улгайган энеси менен сарайда жашоого мажбур болууда. Бул тууралуу Акыйкатчы (Омбудсмен) Атыр Абрахматованын Чүй областына жасаган иш сапарынын маалында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы Омбудсмен институтунун кызматкерлери менен биргеликте Чүй областына коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүп жатат.Ошондой эле Абдрахматова жарандар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Айыл өкмөтүнүн имаратында Акыйкатчы менен коңшу мамлекеттерден көчүп келгендердин жолугушуусу болду. Аялдардын бири анын бир тууганынын жашоо шарты тууралуу айтып берди-алардын үй-бүлөсү Өзбекстандан көчүп келишкен. Үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү Кыргызстандын жаранынын паспортун алышкан. Бирок буга карабай анын бир тууганы турак-жайы жок экенин жана жашы жете элек балдары бар экенине карабай балдары үчүн жөлөк пул албайт турганын эскертти.Ошондуктан ал балдары менен сарайда жашоого мажбур болуп жатыптыр. Бирок ал жерден да күзүндө көчүп кетүүнү талап кылышыптыр.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчысы менен бирге дароо эле аял жашап жаткан сарайга барды.

Акыйкатчы үй-бүлөнүн оор абалы менен жеринде таанышты.

Жалгыз бой эне балдарына жети жылдан бери жөлөк пул ала албай келет.Үй-бүлөгө жергиликтүү органдар жардам берген эмес. Аял күн сайын балдарын улгайган апасына таштоого аргасыз болуп, өзү Бишкекке барып иштеп жатат. Күн сайын эртең менен жумушка кетип, кечинде үйүнө келет.

Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарынан балдардын жана аялдын жөлөк пул алуу укугун камсыздоону жана аярлуу үй-бүлө катары социалдык көмөк көрсөтүүнү талап кылды.

Белгилей кетсек, үй-бүлө айыл өкмөтүнөн анча алыс эмес жердеги сарайда жашап жатыптыр.

Жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жөлөк пул алуу боюнча бюрократиялык нормаларды шылтоолоп себептерин айтышты. Алардын кебине караганда аял көмөк сурап кайрылган эмес.

Ошол эле маалда үй-бүлөнүн чоң энеси айыл өкмөткө кайрылганын, жазында буудай айдоого жерди ижарага берүүнү суранганын билдирди.Бирок ага баш тартып коюшкан.

Акыйкатчы министрлер кабинетин социалдык аярлуу топтордун колдоо алуусу боюнча калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыз кылууга чакырды.

“Социалдык жөлөк пул алуу укугу ар бир балага таандык. Министрлер кабинети социалдык жактан корголбогон жарандарга мамлекеттик колдоонун Баш мыйзамда каралган кепилдигин түздөн-түз камсыздоого милдеттүү”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Этникалык кыргыздар Акыйкатчыга балдарына жөлөк пул берилбей жатканына арызданышты

Кечээ, 27-апрелде КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Москва районунда жарандарга көчмө кабыл алуу өткөрүп, коңшу мамлекеттерден Чүй областына отурукташкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Беш-Терек айыл өкмөтүндө Акыйкатчынын кабыл алуусуна 30дан ашык адам келди.

Аталган айыл өкмөттө Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келип отурукташкан 100гө чукул этникалык кыргыздар жашайт.

Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандыгын алышкан, бирок ата-энеси КРнын паспортуна ээ болгону менен балдары дагы деле болсо жарандык алууну күтүп жаткан үй-бүлөлөр да бар.

Акыйкатчыга 1970-жылы туулган аял – кабыл алууга келген этникалык кыргыздардын бири кайрылды: анын жолдошу каза тапкандан кийин аял жашы жете элек балдары менен жалгыз калган жана жана аларга жөлөк пул жана тиешелүү пенсияны да ала албай жатат. Балдар үчүн жөлөк пул алууга жеринде баардык чаралар кабыл алынды.

Айыл өкмөтү Алмазбек Дубанаев этникалык кыргыздарга жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө токтолду.

“Айылда 12 улуттун өкүлдөрүнөн турган 400дөй үй-бүлө жашайт. Алардын көбүндө 3,5 гектардан жер үлүшү бар, ошондой эле мал кармашат. Бирок ички мигранттар бар, алардын жашоосу кыйыныраак. Мындай үй-бүлөлөргө жерди ижарага беребиз жана алар аны иштетүүнүн эсебинен жашашат”,-дейт айыл башчысы.

Акыйкатчы балдар үчүн жөлөк пул чектеп берүүгө көмөк көрсөтүү зарыл экенине көңүл бурду.

“Аталган айылда болгону үч үй-бүлө балдар үчүн жөлөк пул алат. Бизге кайрылгандар айтып беришкендей, алар балдарга жөлөк пул алууда адам укуктарынын өтө одоно бузулушуна кабылышкан. Мисалы, аял күйөөсү менен ажырашкандан кийин өзүнүн ата-энесиникинде жашап жатыптыр. Бирок анын балдарына жөлөк пул берилбейт, анткени аял жашап жаткан үйдүн кирешеси эсептелген”,-деп нааразы болду Акыйкатчы.-“Социалдык жөлөк пул алуу укугу ар бир балага таандык, ошондуктан “үй бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу укугун чоң ата, чоң эне же үй-бүлө менен чогуу жашап жаткан башка тараптарга карап чектөө адам укугунун одоно бузулушу болуп саналат. Министрлер кабинети социалдык жактан корголбогон жарандар үчүн мамлекеттик колдоонун конституциялык кепилдигинин кынтыксыз аткарылышын камсыздашы керек”.

Акыйкатчы: Мамлекет пенсия курагына жете элек “Баатыр-энелерге" да жөлөк пул төлөш керек

Кыргызстанда пенсия курагына жашы жете элек, бирок «Баатыр эне» орденин алган энелерге мамлекет тарабынан жөлөк пул каралган эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын 2022-жыл үчүн даярдалган баяндамасында айтылат.

Кыргызстандын Конституциясынын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет” деп айтылганына карабастан, калктын айрым категориядагы жарандары мамлекет тарабынан социалдык жактан толук кандуу колдоо таппай келет.

Акыйкатчы институтуна 55 жаш курагына жете элек, бирок 7 баланы төрөп «Баатыр эне» орденин алган жаш энелер кайрылышкан. Бул маселеге Акыйкатчы институту тарабынан көңүл бурулуп, аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жөлөкпул каралышы менен, Кыргызстандагы көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүү жана орто жана жаш курактагы баатыр энерлердин жөлөк пулга болгон укугунун сакталышы үчүн мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп жатат.

“Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн «з» бөлүкчөсүнө ылайык, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм жаш курагы боюнча 55 жаш курагына жеткен баатыр-энелерге гана берилет. Ошондой эле, «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 1- бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогондо эмгекке жөндөмсүз 55 жашка чыккан баатыр энелерге дайындалат. Тагыраак айтканда, аталган мыйзамда орто жаш куракта «Баатыр эне» орденин алган энелерге (55 жашка чыга элек баатыр-энелерге) мамлекет тарабынан жөлөк пул каралган эмес.

Мыйзамда мындай талаптардын коюлушу коомдо социалдык адилетсиздикти пайда кылып, көп баланы өстүрүп-чоңойткон орто жаш курагындагы энелердин нааразычылыктарын жаратууда. Анткени, 7 баланы төрөп, чоңойтуп түйшүк тартып,«Баатыр эне» орденин алган орто жаш курагындагы энелер, бирдей эмес коюлган талаптардын негизинде мамлекет тарабынан колдоо таппай келет.

Алар болсо андай колдоого муктаж, анткени 55 жаш курагына жетелек баатыр энелер көп жашы жетелек балдарды багуу бул эбегейсиз моралдык-психологиялык жүк гана эмес, аябай чоң каржылык чыгымды талап кылат. Мындай маселеде мамлекет тарабынан жок дегенде жарым-жартылай чыгымдарды жабышканга көмөк көрсөтүү адилеттүүлүк принциптерине ылайык келмек деп эсептейбиз”,-деп айтылат баяндамада.

Жогорулардын негизинде институт “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” КРнын Мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн сунуштап жатат.

Акыйкатчы институту Чыңгыз Жумагуловдун ("Дөө Чыңгыз") №21 тергөө изоляторунда өлтүрүлгөндүгү боюнча ички иликтөөнүн жүрүшүн талап кылды

Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 мекеменин камерасында киши колдуу болуп көз жумганы боюнча маалымат коомчулукка чыгар замат, Акыйкатчы аппараты жаран Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө алып келген тергөө изоляторундагы окуя тууралу маалымат берүү суроо-талабын жөнөткөн. Алдын-ала маалыматтар боюнча, Жазаларды аткаруу мамлекттик кызматынын №21 мекемесинде Ч. Жумагулов менен бир камерада ар кандай айыптоолор менен ар башка адамдар отурганы, денесиндеги бычактан сайылган жараттан улам каза болгону маалымдалган. Ал эми тыюу салынган буюм (бычак) кантип соттолучунун колунда болуп калганы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы жана камерада соттун өкүмү күчүнө кире элек соттолгондор отурганы айтылган.
Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана эч кандай басмырлоосуз мыйзамдын бирдей корголушуна укуктуу экенин, буга байланыштуу ар кандай түрдөгү дискриминацияга мыйзам тарабынан тыюу салынууга тийиштигин жана мыйзам бардык адамдарга расасы, өңү, жынысы, тили, дини, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, саясий же башка көз караштарына карабастан дискриминациядан бирдей жана натыйжалуу коргоону кепилденерин эске алуу менен, аталган окуя боюнча тергөө ишинен сырткары, бул мекемедеги кызмат адамдары өзүнүн милдеттерин так аткарбай шалаакылык кылган жоопкерчиликсиз мамилесине кызматтык баа берүү максатында, мындай окуялар башка кайталанбаш үчүн ички иликтөө милдетүү түрдө жүрүшүн талап кылды.

УКМК Акыйкатчынын өкүлдөрүн популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырат

Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт.

Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.

Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз.

Меню