Menu

Акылбек Жамангулов

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов эки айга камалды

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов №21 тергөө изоляторуна эки айга камалды. Мындай токтомду 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Шектүүнүн коомдук жактоочусу Канат Хасанов ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты.

Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегакомду” 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.

Меню