Menu

Ак-Бешим

«Жашыл Мурас»: Ак-Бешим айылында 2500 түп жаңгак көчөтү отургузулду

Чүй районунун Ак-Бешим айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиевдин катышуусунда «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен БУУ — Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым министрликтердин жетекчилери да катышты.

Ошондой эле «Кыргызстан студенттери Жашыл экономика үчүн» Коомдук уюму дагы тартылды. Иш-чарага катышуучулардын саны 250гө чукул адамды түзүп, жалпы 2500 түп жаңгак көчөттөрү отургузулду.

Меню